Шашылыш кабар:

Өкмөт үмүт арткан «Кумтөр» менен экономика көтөрүлөбү?

Август 29th, 2018 | by Чолпон Бейшелең кызы
Өкмөт үмүт арткан «Кумтөр» менен экономика көтөрүлөбү?
Экономика
0

Сентябрь айында экономиканын көрсөткүчү төмөндөйт. Ал эми октябрь айынан тарта көрсөткүчтөр өсө баштайт. Мындай божомолду экономика министри Олег Панкратов айтууда. 

Улуттук статистика комитети жети ай ичинде экономиканын көрсөткүчү 0,2 пайызга төмөндөгөнүн кабарлады. Эми мындай акыбал сентябрь айында дагы күтүлгөнү турат. Бул тууралуу экономика министри Олег Панкратов Өкмөттүн жалпы жыйынында айтты.

Бул экономиканын өсүш көрсөткүчү төмөн болгон акыркы ай болот жана октябрдан тарта кайрадан жогорулайт. Ага «Кумтөр» кениндеги алтын өндүрүүнүн көлөмүнүн өсүшү менен жетишилээрин министр белгиледи.

«Биз сентябрды экономикада көрсөткүч төмөндөгөн эң акыркы ай болот деп турабыз. Октябрдан тарта кайрадан жогорулайт. Прогноз «Кумтөр» кениндеги жагдайды эске алуу менен эсептелип жатат. Анткени октябрдан баштап  Кумтөрдө алтын өндүрүүнүн көлөмү жогорулайт. Алтынды казуу иштери 2018-жылдын IV кварталында активдешээри пландалган. Өзүңүздөр жакшы билгендей, өлкөнүн экономикасы Кумтөр кенине түздөн-түз байланыштуу. Бүгүнкү күнү атамекендик бизнес Кумтөр берген каражатка жете элек. Бирок ачылган ишканалардын саны өсүп баратат. Бүгүнкү күнгө чейин 38 завод курулду.

Бир гана «Кумтөр» кени эмес, күзүндө бизнестин баардык тармактарында кыймыл жанданат. Анткени элдин колундагы акча жаңы окуу жылына карата чыга баштайт. Бул жыл сайын эле кайталанчу көрүнүш экенин экономист Кубан Чороев айтат. Мындан тышкары алдыда өтө турган III Дүйнөлүк көчмөндөр оюндарынын алкагында дагы өлкөгө кирген акча өсөт деген божомол бар. Бирок мындан чоң секириктерди күтүү болбойт.

Экономикада атайын циклдар бар. Мисалы октябрдан баштап, жаңы жылга жакын айларда эл чогулткан акчасын коротот. Ошондуктан бул айларда экономикалык активдүүлүк өйдө көтөрүлөт. Бирок мындан чоң секириктерди күтүүгө болбойт.  

Анткен менен Кыргызстандын экономикасында өсүш болот деген билдирүүгө мурунку экономика министри Эмил Үмөталиев кошулбайт. Кыргызстандын жакын өнөктөштөрү саналган мамлекеттерди каптаган кризистин таасири өлкөгө түздөн-түз тиет. Ошондуктан аларга карата туруштук берүү жолдору мамлекет тараптан иштелип чыгуусу тийиш.

Экономика жогорулайт деп айтылып жаткан кептерден күмөн санайм. 2018-жылы Орусиянын тегерегиндеги аймактардагы кризис бул тарыхый кризис. Ошондуктан азыр көтөрүлүштү күтпөй, кайра кризисти прогноздоп, керектүү чараларды иштеп чыгуу керек. Анан элди ага карата даярдаса. Бул элдин камын ойлогон иш болот эле. Бүгүн биз оор шарттарга даяр болушубуз керек. Анткени тегерегибиздеги акыбалдын таасири бизге дагы чоң болот. Мына азыр Казакстандын, Орусиянын, Түркиянын кризиси болуп жатат.

Ошондой эле ал бүгүн экономиканын күрөө тамырын кармай турган натыйжалуу башкаруу жок экенин кошумчалады.

Эскерте кетсек, Улуттук статистика комитетин 2018-жылдын биринчи жарым жылдыгында Кыргызстандагы орточо айлык акы 15 миң 665 сомду түзүп, былтыркы ушул мезгилге карата 6,6 пайызга көбөйгөнү байкалганын айткан.

Comments are closed.

Марал Радиосу cможет принять любую посещаемость благодаря кешированию WP Super Cache