Шашылыш кабар:

Түшүмү мол кардары жок дыйкандар

Сентябрь 4th, 2018 | by Бурулай Шергазиева
Түшүмү мол кардары жок дыйкандар
Экономика
0

Айыл чарба, тамак-аш өнөр жай жана мелиорация министрлигинин маалыматы боюнча быйыл эгин талаа түшүмү өткөн жылдарга салыштырмалуу көбүрөөк болду. Бирок дыйкандардын айтымында, эгиндин баасы төмөн. Жада калса, буудай сепкен дыйкандар учурда кайда сатарын билбей жаткан кези. Ал эми төө бурчак эккен дыйкандар ойдогудай түшүм жыйнай албай жатканын айтышат. Анын үстүнө баасы 35-45 сомдон ашпай жатат.


Жаз мезгилинин жаанчыл болгондугу кылкандуу дан эгиндеринин түшүмдүүлүгүнө жакшы таасир берген. Министрликтин берген маалыматына ылайык, быйыл түшүм мурунку жылдарга салыштырмалуу мол болгон. Бирок, Жалал-Абад облусуна караштуу Сузак районунун Кыз-Көл айыл өкмөтүнүн тургуну Эркин Асанбеков жыйнаган буудайды сата албай жатканын айтат. Ал  түшүм өткөн жылга салыштырмалуу эселеп көп болгону менен, сатып ала турган кардар жок экенине кабатыр.

-Быйыл түшүм жакшы болду. Бирок кимге сатаарыбызды билбей айлабыз кетип жатат. Кардар жок. Эгиндер жыйналып, короого төгүлгөн боюнча турат. Өткөн жылы мамлекет 13 сомдон материалдык резервге сатып берген. Быйыл ал дагы жок. Ошентсе да үмүт кылып отурабыз.

Ал эми Таласта төө буурчак эккен Сабит, күндүн ысык болгонуна байланыштуу түшүм күткөндөн азыраак болуп калганын айтат. Анын үстүнө күйүүчү-майлоочу майдын баасы да кымбаттап кеткендиги дыйкандардын ишин оорлоштурган. Бул жылы алган түшүм өзүн актай албай калат го деп санаа тартып жаткан кези.

-Быйыл төө буурчак азыраак болду. Суугат суу жакшы келбей түшүм аз. Анын үстүнө майдын баасы да кымбат болуп кетти. Ал эми төө буурчактын баасы өткөн жылы ушул маалда орточо эсеп менен 50-60 сом болсо, быйыл 35-36 сомдун тегерегинде болуп жатат.

Ал эми мөмө-жемиштер боюнча айта турган болсок, түшүм орто. Багбандардын айтымында, айрым жерлерде алмаларда фарша сыяктуу оорулар катталган.

Баткен районунун Санжар аттуу тургуну Тамчылатып суугарууга чыгым көп кеткендиктен, башка жолдор менен суугарып, даарылап, быйыл 20 тоннага жакын түшүм алууну көздөп жатканын айтып берди.

Бөлүп-бөлүп алып караганда мурда тушүм жакшы болгон жерлерде быйыл түшүм аз. А былтыр жаман болгон жерлерде түшүм мол. Быйыл 20 тоннага чейин түшүм алабыз деп пландап жатабыз. Жок эле дегенде 20 сомдон 40 сомго чейин сатабыз. Бизден Казакстандан, Өзбекстандан келгендер дүңүнөн алып кетишет.

Айыл чарба, тамак-аш, өнөр-жай жана мелиорация министрлигинин маалыматы боюнча бүгүнкү күндө буудай Нарын облусунан тышкары бардык аймакта жыйналып, 78,1%ды түздү. Ал эми арпа 157,6 гектар жерде жыйналган. Азыркы тапта массалык түрдө төө буурчак жана жүгөрү жыйноо иштери жүрүп жатат. Дыйканчылыкты, үрөөнчүлүктү жана органикалык айыл чарба өндүрүшүн өнүктүрүү бөлүмүнүн башкы адиси Адилет Нарынбековдун айтымында, быйыл буудайдын баасы төмөн болуп жаткандыгы Казакстандан алынып келген буудайга байланыштуу болуп жатат. Ал эми күйүүчү-майлоочу майга дыйкандардын жеткиликтүүлүгүн камсыздоо үчүн бир катар келишимдерге кол коюлган.

-Күйүүчү майлоочу майлардын баасы кымбат болуп жатат. Азыркы тапта 43-44 сом болсо, өткөн жылы 40 сомго чейин болгон. Булардын баасы сырттан келген мунайдын баасына байланыштуу болуп жатат. Бирок биз бул маселелерди чечүү максатында “Кыргызстан Нефтетрейдерлер ” ассоциациясы менен сүйлөшүүлөр жүрүп, “Гаспромнефть” 40 тыйынга чейин, ал эми “Партнернефть” майдын көлөмунө жараша 7%га чейин арзандатууларды берет.

Быйыл республика боюнча жалпы 200 миңге жакын аянтта буудай оруп жыйналды. Жылдан жылга малдын башы көбөйүп жаткандыктан, быйыл арпа өсүмдүктөрү да көбүрөөк себилген.

Comments are closed.

Марал Радиосу cможет принять любую посещаемость благодаря кешированию WP Super Cache