Шашылыш кабар:

Шарты жакшырган Кара-Кече көмүр кени

Сентябрь 10th, 2018 | by Анара Бакытбекова
Шарты жакшырган Кара-Кече көмүр кени
Экономика
0

Кыргызстанда кен иштетүү боюнча Кумтөрдөн кийинки эле бюджетти түзүүчү мамлекеттик ишканалардын бири болуп Кара-Кече көмүр кени саналат. Кара-Кече Кыргызстандагы эң ири көмүр кендердин бири. Кеминде 450 миллион тоннага чукул көмүрдүн запасы бар. Быйыл аталган кен 450 миң тонна көмүр казууну пландаган. Көмүр жер үстүнөн казылып алынгандыктан наркы да арзан. Ал негизинен Кыргызстандын түндүк облустарына жана Бишкек шаарына ташылат.


Кара-Кече Кыргызстандагы эң чоң көмүр кендеринин бири. Бул көмүр кенинде 450 млн тоннага чукул кара алтын уюп жатат. Ошондуктан көмүр кенине туш-туштан көз арткандар да арбын.

Азыркы тапта аталган көмүр кенинде иш кызуу жүрүп жатат. Кара алтынды казуу иши былтыркы жылга караганда арбыды. Өткөн жылы ушул мезгилде 80 миң тонна казылган. Быйыл болсо көлөм 100 миң тоннага жеткен. Бул тууралуу көмүр кени казылып жаткан аймактын башчысы Кайрат Качкынбаев билдирди.

-Бул жылга Кара-Кече 450 миң тонна көмүрдү казууну планга койгон. Азыркы күндө 100 миң тонна казып алдык. 1-августтан баштап Бишкек ЖЭБине көмүр жибере баштаганбыз. Учурда 4 аймакта көмүрдү казуу жумуштары болуп жатат. Анда 60 техника иштөөдө.

Деңиз деңгээлинен үч миң метр бийиктикте жайгашкан Кабак бассейнинде 14 ишкана иштейт. Алардын бири мамлекеттик делген Кара-Кече көмүр кени. Кенде иштетилип жаткан техникалардын көпчүлүгү ижарага алынган. Убагында Кыргыз-Көмүр ишканасы аталган кенди иштетүү үчүн 136 млн сом карызга батып кеткен. Техникалардын ижара акысы, социалдык фонд, салык жана жумушчулардын айлык маянасы төлөнгөн эмес. Буга чейинки жетекчилердин калтырып кеткен карыздын баары төлөнгөнүн директордун кеңешчиси Кубат Токонов кабарлады.

Айлык маселеси көтөрүлгөн орточо эсеп менен 15 миң деп айтсак жаңылышпайбыз. Ар ким иштеген кызмат абалына жараша алат. Алар 14-миң, 20-25 миң айлык маянасын алышат. Төрт маал тамак берилет. Эки смен менен иштешет. Жумушчуларыбыздын көз карашына, көңүлүнө караганда ыраазы. Жумушчуларыбызды чет жакка путевка менен эс алууга  үй-бүлөсү менен жиберип жатабыз. Дубайга, Түркияга, Египетке барып эс алып келип жатышат. Андан сырткары Ысык-Көлгө пансионаттарга жайы-кышы барып дарыланса болот. Балдары болсо лагерге жиберилет. Иш акырындык менен алдыга жылып келе жатат. Ушунун баары жамааттын биримдиги жана элдин колдоосу.

Токонов кошумчалагандай, көмүр кенинде шлагбаум орнотулуп кезек менен киргизүү тартиби жолго коюлган. Ал жакка уюлдук байланыш тартылган. Онлайн режим менен видеокөзөмөл, электрондук тараза коюлган. Алар аркылуу көмүр ташыган унаалар көзөмөлгө алынып турат.

 2013-2012-жылдарга салыштырмалуу шартыбыз жакшы деп айтсак болот. Мурункудай кезек талашып уруш-талаш жок. 

Көмүр кенинде иштеген жумушчулар үчүн өткөн жылы атайын шаарча курулган. Анда ашканасынан баштап мончосуна чейин салынган. Бир бөлмөдө экиден киши жашайт. Жалпысынан 130 адам иштейт. Мурун жумушчулар үчүн жатаканаларда шарттар жакшы болбогонун  суу ташуучу болуп иштеген Бактыбек Мүзүров айтат.

-Жатаканабыз таза жана жылуу. Суу тартып келип коюп бир аз эс алып аламын. Мурунку жашаган жерибизге салыштырмалуу абдан жакшы. Телевизор да коюп беришкен.

Бир мезгилдерде Кара-Кечеде оор жылдар болду. Кызматкерлер айлыгын өз убагында ала албай, башаламандык өкүм сүргөн. Бирок ошол кезде кызматкерлер жумушун таштап кеткен эмес. Бүгүн алар көмүр кенинде тартип орнооруна ишенишкенин айтышат.

Жыйырма жети жылдан бери жумушчуларга тамагын өз убагында бышырып берген ашпозчу Канышай Балбакова даамдуу тамак менен кенде иштегендердин көңүлүн көтөрүп турам дейт. Канышай айымдан сырткары дагы алты ашпозчу иштейт.

-Жумушчуларга көбүнчө колго жасалган камыр тамактар жагат. Ошондуктан камыр тамактарын бат-баттан жасап берип турамын. Ашканабызда да шарттар жакшырды. Кышында ичи жылуу.

Мындан тышкары жумушчулар үчүн салынган шаарчада атайын медициналык пункт да иштейт. Анда кызматкерлер жумушка чыгуудан мурун текшерүүдөн өтүп турушун медайым Зарлык Иманжанова айтат.

-Бул жерде иштегендердин баарынын ден-соолугу абдан жакшы. Эгерде текшерүүдөн өтүп жатканда бирөөнүн ден-соолугунда маселе жаралса, аны райондук ооруканага жиберебиз.

Буга чейин көмүргө кезексиз кирем деп мушташып, атышып кеткен учурлар катталчу. Ал гана эмес техникалык эрежелер сакталбай көчкү алдында калып кеткендер болгон. Буга кошумча пост ачылып, атайын тараза орнотулган. Андан бери тартип оңолуп, тиешелүү кызматкерлер тейлеп турат.

Он жылдан бери Кара-Кечеден Бишкекке көмүр ташып иштеп келген Эрик Балтабаев кенде тартип жакшырып калганын белгиледи. Ал кезек күтүп бир күн турганын айтат.

Мен кечээ кечинде келгенмин. Азыр көмүр жүктөп кетип жатамын. Азыр мурункудай кезек күтүү жок. Көмүрдү Бишкектин жаңы конуштарына алып барып сатам. Тоннасы 1300 сом болуп жатат

Шлагбаумдан күнүнө 60ка чукул жүк ташуучу унаа көмүр алып өтөт. Бул сан сезон убагында 200гө чейин жетет.

Бишкек жылуулук электр борборуна дал ушул Кара-Кечеден көмүр ташылат. Алгач айдоочулар кара алтынды Ысык-Көл облусундагы Балыкчы шаарындагы көмүр сактоочу жайга ташып барышат. Андан ары Бишкекке жана Каракол шаарына жеткирилет. Аталган шаарда үч көмүр сактоочу база бар. Алардын баары 2018-жылдын январь айында Кыргыз-Көмүрдүн карамагына өткөн.

Кошумчалай кетсек, Кара-Кече көмүр кени Нарын облусуна караштуу Жумгал районунда жайгашкан. Анда иштеген жумушчулардын көпчүлүгүн жергиликтүү калк түзөт.

Comments are closed.

Марал Радиосу cможет принять любую посещаемость благодаря кешированию WP Super Cache