Шашылыш кабар:

Доллар эмнеге кымбаттап жатат?

Сентябрь 11th, 2018 | by Чолпон Бейшелең кызы
Доллар эмнеге кымбаттап жатат?
Экономика
0

Кыргызстанда доллардын курсу көтөрүлүп жатат. Өткөн жумада АКШ акчасын 68,54 сомдон сатып алып, 68,68 сомго сатып жатышкан. Ал эми бүгүн, 11-сентябрда сатып алуулар 69,64 сомду түздү.

Кыргызстанда доллардын наркы 70 сомго чамалады. Мындан улам валюта курсун туруктуу кармоо үчүн Улуттук банк 10-сентябрь күнү 19 миллион 650 миң доллар сатыкка чыгарды. Бирок доллардын кымбаттоосу узакка созулбай, түшүм толук жыйналып бүткөндө кайрадан арзандай турганын Экономика илимдеринин доктору, профессор Чолпон Алкадырова айтууда. Анткени Кыргызстанда валюта курсу эркин, суроо жана сунуштун негизинде  гана түзүлөт.

Доллардын курсу 70тен ары жогорулашы мүмкүн эмес. Түшүм толук жыйналып бүткөндө кайрадан ылдыйлайт. Мындай кырдаал сентябрда байкалат деп ойлойм. Анткени дыйкан-фермерлер жыл бою жыйнаган продукциясын базарга алып чыга баштайт. Ошондуктан доллар дагы кымбаттайт  деген ойдон алыс болуу керек.  

Бирок доллар бир гана Кыргызстанда эмес, дүйнөдө да кымбаттоодо. Алсак Кыргызстан стратегиялык өнөктөш санаган Орусияда акыркы 2,5 жылдан бери биринчи жолу 10-сентябрда бир доллар 70 рублга жетти.

Мындай кымбаттоо АКШнын Федералдык резервдик системасы тарабынан берилген насыянын пайыздык чендери өскөнүндө болуп жатат. Буга чейин федрезерв 0,25% менен берген болсо, бүгүн анын пайыздык чени 2% ашты. Натыйжада доллар менен соода-сатык жүргүзгөн мамлекеттерде курстун көтөрүлүүсү байкалганын Жогорку Кеңештин экономика жана фискалдык саясат боюнча комитетинин төрага орун басары Дастан Бекешев айтат.

Бүгүнкү күнү Америка берип жаткан насыянын пайыздык чендерин көтөрүп жатат. Ошондуктан дүйнөдө доллар өсүүдө. Анын үстүнө биздин экономика түздөн-түз Орусияга байланган. Демек аларга карата кирген санкциялардын таасири бизге дагы жетти.

Буга кошумча АКШ киргизген санкциялардын мөөнөтү  узартылышы дагы өз таасирин тийгизүүдө.

Мындан улам дүйнөдөгү ири державалар доллардан баш тартып, сатып алууларды улуттук валюта менен жүргүзүү демилгеси көтөрүшүүдө. Орусия, Түркия жана Иран лидерлеринин 8-сентябрдагы жолугушуусунда дагы  өлкөлөр долларсыз соодага өтүүгө келишишкени кабарланды. Бул маалыматты Ирандын Борбордук банкы таратты.

Бирок доллардан баш тартуү демилгесинин ишке ашышы реалдуу эмес экенин «Биз эксперт» аналитикалык борборунун жетекчиси Улук Кыдырбаев белгилеп жатат.

Доллардан баш тартуу үчүн эки мамлекет макулдашып улуттук валюта менен соода кылышы мүмкүн. Бирок тилекке каршы, дүйнөлүк соода кабыл алынган валюта менен жүргүзүлөт. Ошондуктан буга реалдуу караш керек. Айтылган сөздөр ири державалардын саясаты гана… Дүйнөлүк соода системасы жалпы доллар менен эле бекитилген. Анын бул системаны бир күндө же бир жылда өзгөртүүсү мүмкүн эмес. Андай максатка жетиш оор.  

Ал эми Кыргызстанда  долларлашуу деңгээлин кыскартуу үчүн өкмөт тараптан чаралар бекитилген болчу. 2016-жылы республика ичинде кыймылсыз мүлктүн баасын улуттук валютада көрсөтүү талабы коюлган. Бул элдин аң-сезимин өзгөртүү  максатында иштелип чыккан. Бирок өз натыйжасын бере элек.

Андыктан чет өлкө валютасына болгон көз карандуулукту азайтуу үчүн биринчи кезекте өлкөнүн соодасындагы тең салмактуулукту сактоо керек экендигин мурдагы экономика министри Арзыбек Кожошев айтты.

27 жылдан бери экономикадагы эң чоң көйгөй — бул соода балансы. Бүгүнкү күнү экспорт менен импорттогу айырма 2-3 эсе.  Евразия экономикалык биримдигиндеги мамлекеттер арасындагы соода-сатыктар жакшы делгени менен тең салмактуулук жок. Мисалы ошол эле Казакстандан биз  24 түрдөгү товар алабыз. Чыгарганыбыз болгону 7 түр. Ошондуктан өкмөт экспортту көбөйтүү боюнча иштерди алып баруусу керек.   

Эскерте кетсек, бүгүнкү күнү Кыргызстан керектеген продукциянын 70 пайызы сырттан ташылып келет. Ошондуктан ал өлкөдөгү баага түздөн-түз көз каранды экенин экономисттер айтышат.

 

 

 

Comments are closed.

Марал Радиосу cможет принять любую посещаемость благодаря кешированию WP Super Cache