Шашылыш кабар:

Мектепти мыкчып отурган директорлордун маселеси козголду

Сентябрь 13th, 2018 | by Бакыт Төрөгелди уулу
Мектепти мыкчып отурган директорлордун маселеси козголду
Билим жана Маданият
0

Бишкектеги №95 мектептин директору жана аталган билим берүү мекемесинин айланасындагы чыр коомчулукка чыгып кетти. Бул окуя 20 жылдап мектепти башкарган директорлор жана алардын ордун алмаштыруу маселесин козгоду.

Кеткен директорго кейигендер

Бишкек мэриясы борбордогу №95 мектептин мурдагы директору Анара Акмашеваны ротация кылып, аны кайра эле шаардагы №40 мектепке жетекчи кылып дайындаган. Буга каршы болгон 95-мектептин эмгек жамааты жумушка чыкпай, окуучулардын ата-энелерине «окуу болбойт, балдарыңарды сабакка жибербегиле» деген таризде вотсап аркылуу кат таратышкан.

12-сентябрда Бишкектин вице-мэри Асель Куламбаева, мэриянын аппарат жетекчиси Балбак Түлөбаев 95-мектепке барып мугалимдер жана ата-энелер менен жолугуп келген. Учурда окуу кадимки тартибинде жүрүп жатканын борбор калаанын Билим берүү башкармалыгынын жетекчи орун басары Наталья Никифорова «Марал» радиосуна кабарлады.

— Бардык мугалимдер жумушка чыкты. Ата-энелерге болсо түшүндүрүү иштери жүрүп жатат. Эмгек жамааты ким жетекчи болот деп бир аз кыжаалат болушкан. Алар мэрия тарабынан бардык суроолоруна жооп алышты. Азыр кыргыз тилинен берген мугалим директордун милдетин аткарууда. Муну директорлорду алмаштыруу десек болот. №40 мектеп дагы өнүгүүгө муктаж. Ошондуктан жаңы директорго жетиштүү эле жумуш бар.

Жаңы окуу жылы баштала элек жатып жаңжал чыккан №95 мектепке азырынча директор дайындала элек. Окуянын чоо-жайын билүү үчүн аталган мектептин окуу бөлүмүнүн башчысы менен байланыштык. Бирок ал бизге аты-жөнүн ачык айтуудан баш тартып, мектепте кырдаалды козуткандар бар экенин жашырган жок.

— Иштеп жатабыз. Мына балдардын үнү угулуп жатабы? Кадимкидей эле иштеп жатабыз. Силер чалганда мен сабакта болчумун. Ошондуктан жооп бере алган жокмун. Азыр сабактан чыктым. Кайра сабакка кирем. Окуу, сабак болуп эле жатат. Бирок провокация бар. Ал ким тарабынан экенин билбейм.

Бишкек мэриясынын аппарат жетекчиси Балбак Түлөбаев

Мектеп чырына милиция кийлигишет

Бишкек мэриясынын аппарат жетекчиси Балбак Түлөбаев №95 мектептин директорунун алмашышын шаардагы билим берүү мекемелеринин жетекчилерин ротация кылуу иши башталганы менен байланыштырды. Айрым массалык маалымат каражаттары 95-мектептин мурдагы башчысы Анара Акмашева ата-энелерден мыйзамсыз акча чогултканы тууралуу жазып чыгышты. Бирок Түлөбаев буга окшогон арыз-даттануулар болбогонун айтып, бул мектептин айланасындагы окуяны күч кызматкерлери иликтеп баштаганын билдирди.

— Ата-энелердин арасында журналисттер, саясатчылар бар. Ошондой таанымал адамдар болгон үчүн бул маселе коомчулукка бат жайылып кетти. Бул жакта провокация бар. Бирөө саботаж кылган. Ал ким экенин азыр изилдеп жатабыз. Бир киши баштаган да бардыгы аны ээрчип кеткен. Укук коргоо органдары мунун баарын текшерет. 

Бул окуя 20 жылдап мектепти мыкчып отурган директорлор маселесин козгоду. Бишкек мэриясы болсо мектеп жетекчилеринин ордун алмаштыруу мындан ары дагы уланат деп ишендирүүдө. Жогорку Кеңештин Социалдык маселелер, билим берүү, илим, маданият жана саламаттык сактоо боюнча комитетинин төрага орун басары, депутат Тазабек Икрамов иш таштаган мугалимдерди кызматтан кетирүүгө чакырды.

— Бул мектепке жаңы директор келди эми коррупциялык жолдор менен иштей албайбыз, буга чейин акча топтогон иштерибиз билинип калат деп сарсанаа болушканынын белгиси. Бул деген мамлекеттик жумуш. Андыктан кимди кайсы жумушка койсо иштеш керек. Ал эми иш таштаган мугалимдердин баарын жумуштан айдаш керек. Директор кетсе эле «бизге жаңы директордун кереги жок» деп кайра-кайра пикетке чыккан кантип болсун. 

Жогорку Кеңештин депутаты Тазабек Икрамов

«Мектепти бизнеске айланткандар бар»

Кыргызстанда мектептердин санынын жетишсиздиги чоң маселе, ал эми бар мектептептерди башкаруу андан өткөн чоң маселе. Өлкөдөгү билим берүү тармагындагы көйгөйлөрдү иликтеген «Булан институтунун» жетекчиси Чолпон Орозобекова директорлор мектептерди бизнеске айлантып алышканын айтууда.

— Мектеп директорун 5 жылдык мөөнөткө ички жамаат шайлагыдай кылып өзгөртүш керек. Себеби айрыкча Бишкек шаарында мектеп директорлору кызматта 20-25 жылга чейин отуруп мектепти өзүлөрүнүн бизнесине айлантып алгандар бар. «Мектепке кирүү акысы, класстык куржун» дегенди ойлоп таап алышкан. Мунун баары мыйзамсыз. Айрым директорлор «камкордук кеңеши» деп ачып алып, ата-энелер менен «мафияга» айланып алгандар бар.

«Жал» кичи районунда жайгашкан №95 мектеп Кытайдан алынган гранттын эсебинен салынып, 2017-жылы пайдаланууга берилген. Анда 70тей мугалим иштесе окуучулардын саны 1300дөн ашат. Бишкекте 98 мамлекеттик орто мектеп бар. Аларда 156 миң окуучу билим алат.

Comments are closed.

Марал Радиосу cможет принять любую посещаемость благодаря кешированию WP Super Cache