Шашылыш кабар:

Кыргыз балбандар дүйнө чемпионатында жарым чейрек финалга чыгышты

Сентябрь 17th, 2018 | by Талгат Мураталиев
Кыргыз балбандар дүйнө чемпионатында жарым чейрек финалга чыгышты
Кыска кабар
0

Бүгүн, 17-сентябрда Словакиянын Транава шаарында грек-рим күрөшү боюнча жаштар арасындагы Дүйнө чемпиондугу башталды. Анда кыргыз спортчулар 4 салмак ченинде күч сынашууда.

Анда 77 килограммга чейинки салмак ченинде күрөшкөн Акжол Махмудов алгачкы беттешинде ирандык Хоссейн Афифини 10:1 эсеби менен жеңип, жарым чейрек финалга аттанды.

63 килограммга чейинки салмак ченинде күрөшкөн Эрбол Бакиров 1/16 финалдын алкагында АКШдан келген балбан Алстон Жон Нуттерди 10:0 эсебинде утуп алганга үлгүрдү.

Ал эми 87 килограммга чейинки салмак ченинде күрөшкөн Амангелди Талантбек уулу беларустук Игорь Ярошевичти 9:0 эсебинде утуп, кийинки беттеште жеңилүү ызасын тартып калды.

Comments are closed.

Марал Радиосу cможет принять любую посещаемость благодаря кешированию WP Super Cache