Шашылыш кабар:

Кадыров: Айтматовдун он томдук жыйнагына жазылуу жүрөт

Сентябрь 19th, 2018 | by Айжамал Худайбердиева
Кадыров: Айтматовдун он томдук жыйнагына жазылуу жүрөт
Билим жана Маданият
0

Залкар жазуучу Чыңгыз Айтматовдун 90 жылдык мааракесине карата анын чыгармаларынын он томдук толук жыйнагы чыгат. Бул боюнча“Улуу тоолор” басмаканасынын жетекчиси Жумадин Кадыров «Марал» радиосуна берген маегинде билдирди. Жарык көрчү жыйнак тууралуу Кадыров менен «Рухэш» программасында акын жана публицист Олжобай Шакир маектешип, суроолорго жооп алды.

Шакир: Китеп качан басылып чыгат? Аны алуунун шарттары кандай?

Кадыров: Улуу жазуучу Чыңгыз Айтматовдун чыгармаларынын кыргызча жана орусча он томдук жыйнагы чыкмак. Бул боюнча Улуттук илимдер академиясы өткөргөн тендерге биз дагы катышканбыз. Китептерди чыгаруу биздин басмаканага ыйгарылган. Учурда катуу иштеп жатабыз. Жыйнакка жазуучунун бардык чыгармалары, маек, макалалары, биргеликте иштеген эмгектери, айткан сөздөрү камтылат.

Шакир: Китептер кандай бөлүштүрүлөт? Жүрүп жаткан иштер жана анын механизмдери тууралуу кененирээк айтып берсеңез…

Кадыров: Китеп кыргыз жана орус тилдеринде эки жуманын аралыгында жарыкка чыгат. Улуттук иилимдер академиясы берген тизмеге жараша китептерди таркатып беребиз. Жыйнак бюжеттен каржыланып жаткандыктан китептер сатылбайт. Тагыраагы китепканалардын фондун толуктоо үчүн таратылат. Китеп миң комлекттен чыгат. Өкмөт Айтматовдун алдындагы өзүнүн кызматын аткарды деп эсептесек болот. Китеп басып чыгарууга 6 млн сом сарпталууда. Ошондой эле замандаштарыбыздын кызыгуусу күч экенин эске алып жазылуу жарыялоону пландап жатабыз. 30-сентябардан баштап эки ай бою Айтматовдун чыгармаларынын он томдугуна жазылуу жүргүзөбүз. Залкар жазуучу бизге зор мурас калтырды. Эми ошол мурасты өздөштүрүп, жан дүйнөбүзгө сиңирип, турмушта колдонуп баштасак өзүбүзгө чоң белек жасаган болобуз.

Comments are closed.

Марал Радиосу cможет принять любую посещаемость благодаря кешированию WP Super Cache