Шашылыш кабар:

Дүйнө чемпиондугу: Дзюдочу Отар Бестаев жарым чейрек финалга чыкты

Сентябрь 20th, 2018 | by Талгат Мураталиев
Дүйнө чемпиондугу: Дзюдочу Отар Бестаев жарым чейрек финалга чыкты
Кыска кабар
0

Бүгүн, 20-сентябрда Азербайжандын Баку шаарында дзюдо боюнча Дүйнө чемпиондугу башталды. Мелдештин алгачкы күнүндө кыргызстандык спортчулар 2 салмак ченинде күч сынашууда.

60 килограммга чейинки салмак ченинде Отар Бестаев менен Баяман Сагынбай уулу килем үстүнө чыгышты.

Отар Бестаев 1/16 финалда өзбекстандык Шаруффидин Лутфиллаев менен кез келди. Беттештин жыйынтыгында Отар Бестаев 1:0 эсеби менен жеңишке жете алды. Муну менен Отар Бестаев жарым чейрек финалга аттанып, анда кореялык Херим Ли менен күч сынашат.

Буга чейин Бестаев 1/32 финалда словениялык Матжяз Трбовичти 1:0 эсеби менен утуп алган.

Ал эми Баяман Сагынбай уулу алгачкы беттешинде молдовалык Миху Доринге утулуп калды.

Белгилей кетсек, аталган мелдешке Кыргызстандан 9 спортчу катышууда. Аларды улуттук курама команданын машыктыруучусу Абдужалил Юнусов коштоп барган.

Comments are closed.

Марал Радиосу cможет принять любую посещаемость благодаря кешированию WP Super Cache