Шашылыш кабар:

Белгилүү спортчулар Лондондо ресторан ачты

Сентябрь 21st, 2018 | by Гүлшайыр Бакирова
Белгилүү спортчулар Лондондо ресторан ачты
Спорт
0

“Ювентустун” оюнчусу Криштиану Роналду, теннисчи Рафаэль Надаль, Сан-Антонио-Сперс” баскетбол клубунун оюнчусу Пау Газоль жана поп ырчы Энрике Иглесиас Лондондо ресторан ачышты. Бул тууралуу 21-сентябрда Eurosport сайты жазып чыкты.

Ачылыш Жер ортолук деңизинде жайгашкан Испанияга таандык Ибица аралындагы Зела борборунда өттү. Ресторан атактуу ашпозчулары жана өзгөчө даамдары менен айырмаланат. Жер ортолук деңизинин аралдарынын жана япон ашканасынын тамактары жасалат.

Ушундай эле тамактануучу, көңүл ачуучу жай Мадрид менен Майамиде да филиал катары ишин баштады.

“Тамак-аш бизнеси учурда дүйнө жүзү боюнча абдан популярдуу жана кирешелүү. Биздин инвесторлорубуз да буга кызыктар. Лондон Ибица ашканасы үчүн ынгайлуу, өзгөчө Роналду менен Надаль бул жерди жактырышат ”,- деди ресторандын админстратору Абель Матутес.

Инвесторлор, Энрикеден башкасы, ресторанга  барып, ал жерде түшкөн сүрөттөрүн социалдык тармакта жарыялаганга да жетишишти.

Comments are closed.

Марал Радиосу cможет принять любую посещаемость благодаря кешированию WP Super Cache