Шашылыш кабар:

Бөрүбаев: 30 млн доллар насыяга 27 мектеп курулат

Сентябрь 21st, 2018 | by Бахар Хакимова
Бөрүбаев: 30 млн доллар насыяга 27 мектеп курулат
Билим жана Маданият
0

Сауд Аравиясы Кыргызстанга 27 мектеп курат. Бул үчүн 30 миллион доллар бөлүндү. Эки тараптуу келишимге 13-сентябрда кол коюлган. Ал эми инженердик изилдөө иштери октябрь айында башталат. Бул тууралуу «Марал» радиосуна Архитектура, курулуш жана турак жай-коммуналдык чарба мамлекеттик агенттигинин статс-катчысы Самат Бөрүбаев айтып берди.

Марал: Мектеп куруу үчүн Сауд Аравиясы тарабынан бөлүнүп жаткан каражат толугу менен насыябы же жарымы грантпы?

Самат Бөрүбаев: Бул сумма негизинен Саудия өнүктүрүү фондунун эсебинен бөлүнөт. Өкмөттөр аралык келишимдин негизинде 30 млн доллар бөлүү боюнча макулдашылган. Бул толугу менен насыя болуп эсептелет. Ал каражатка өлкөдө 27 мектеп курулат.

Фонд тарабынан үч констультациялык компания сунушталган. Анын ичинен сүйлөшүү жүргүзүп тандадык. Биринчи компания менен 50гө жакын сунуштарды беришти, кошумча талаптарды коюшту. Бирок биз алардын шартына көнбөй, келишим түзүүдөн баш тарттык. Андан кийин Сауди компаниясы менен сүйлөшүүгө барып, алар  мурдагы өздөрү сунуш кылган сумманы 12 пайызга ылдыйлатып беришти. Эми буюрса аталган компания өз милдеттерин аткарат.

Биз типтүү долбоорлорду бергенбиз. Аларды карап чыгып, кайрадан тендер өткөрүлүп, курулуш компаниялар такталып, иш башталат.

Марал: Бул мектептер кайсы аймакка салынат?

Самат Бөрүбаев: Ар бир облуска салуу каралды. Бишкек шаарында, облустардын баарында эле экиден, үчтөн мектеп салынат.

Марал: Курулушу иштери качан башталат?

Самат Бөрүбаев: Курулуш иштерине чейинки процедуралар өтсө, жылдын аягында башталат деп күтүп жатабыз.

Марал: Келишим боюнча насыяны канча убакытта төлөө керек?

Самат Бөрүбаев: Өкмөттөр аралык түзүлгөн келишимдин негизинде 15 жылда кайра төлөп бүтүү боюнча макулдашылган.

Comments are closed.

Марал Радиосу cможет принять любую посещаемость благодаря кешированию WP Super Cache