Шашылыш кабар:

Бүгүн ФИФА жылдын мыктыларын сыйлайт

Сентябрь 24th, 2018 | by Гүлшайыр Бакирова
Бүгүн ФИФА жылдын мыктыларын сыйлайт
Спорт
0

Бүгүн, 24-сентябрда футбол боюнча дүйнөлүк уюм ФИФАнын версиясы боюнча “Жылдын мыкты футболчусу” номинациясынын жеңүүчүлөрүнө сыйлык тапшырат. Салтанат бул жылы дагы Англиянын борбору Лондондо өтөт. Бул тууралуу ФИФАнын маалымат кызматы кабарлады.

Маалыматка ылайык, сыйлыктар 9 номинация боюнча тапшырылат. Алар эркектер арасында жылдын мыкты футболчусу, кыз-келиндер арасында жылдын мыкты футболчусу, жылдын мыкты машыктыруучусу, жылдын кыз-келиндер командасынын мыкты машыктыруучусу, жылдын мыкты дарбазачысы, жылдын эң кооз голу (Фаренц Пушкаштын сыйлыгы), жылдын эң чынчыл-таза оюну, жылдын символикалык командасы жана жылдын мыкты күйөрмандары.

“Жылдын мыкты футболчусу” наамына талапкер катары көрсөтүлүп жаткандардын арасында Лионель Месси, Лука Модрич, Мухаммад Салах, Криштиану Роналду, Гризманн жана башкалар бар.

Бирок, атактуу футболчулар Месси менен Роналду аземге катышышпайт. Бул тууралуу алардын клубдары билдиришти.

Эскерте кетсек, ФИФАнын версиясы боюнча дүйнөнүн мыктыларын сыйлоо 1991-жылдан бери өтүп келет. “Мыкты футболчу” наамын эң көп үч жолудан франциялык Зинедин Зидан жана бразилиялык Рональдо алышкан.

Comments are closed.

Марал Радиосу cможет принять любую посещаемость благодаря кешированию WP Super Cache