Шашылыш кабар:

Кыргызстандык спортчу АКШда өткөн мелдеште 3 медаль тагынды

Сентябрь 24th, 2018 | by Талгат Мураталиев
Кыргызстандык спортчу АКШда өткөн мелдеште 3 медаль тагынды
Кыска кабар
0

Кыргызстандык спортчу Зулкайнар Шайбек уулу АКШнын Лос-Анжелес шаарында өткөн жиу-житсу боюнча эл аралык мелдеште 3 медаль утуп алды. Бул тууралуу спортчу жергиликтүү маалымат каражаттарына билдирди.

Маалыматка ылайык, «Nationals jiu-jitsu open» деп аталган мелдеште Шайбек уулу 3 категорияда күч сынашты. Ал алгач 77 килограммга чейинки салмак ченинде кимоно менен күрөшүп, 2 беттеште жеңишке жетип, финалда жеңилүү менен күмүш медаль тагынды.

Ал эми кимоносуз катышкан категорияда Шайбек уулу 77 килограммга чейинки салмак ченинде алтын медалды тагынып, абсолюттук салмак ченинде коло медалдын ээси болду.

Comments are closed.

Марал Радиосу cможет принять любую посещаемость благодаря кешированию WP Super Cache