Шашылыш кабар:

Жалган маалымат элди дүрбөлөң кылды

Сентябрь 24th, 2018 | by Бакыт Төрөгелди уулу
Жалган маалымат элди дүрбөлөң кылды
Саясат
0

23-сентябрга караган түнү «Фейсбук» социалдык тармагында камакта жаткан «Ата Мекен» фракциясынын мурдагы лидери Өмүрбек Текебаевдин жүрөгү кармап каза болгону тууралуу маалымат тараган.

Адилет Алиев аттуу «Фейсбук» колдонуучу «Өмүрбек Текебаев жүрөгү кармап каза болду. Маалымат ишенимдүү эмес. Бирок №47 абакта башаламандык» деген «шашылыш» билдирүү тараткан. Ал муну «Фейсбуктагы» тайпаларга дагы бөлүшкөн. Бул маалымат интернет колдонуучулар арасында тез эле жайылып кетти.

Ал эми 23-сентябрда Жаза аткаруу мамлекеттик кызматы «Текебаев көз жумду» деген кабарды расмий жокко чыгарды. Аталган мекеменин басма сөз кызматкери Элеонора Сабатарова №47 абакта жаткан Өмүрбек Текебаевге барып жолугуп, аны сүрөткө тартып социалдык тармактагы баракчасына жүктөдү.

— Бул маалымат такталган жок, чындыкка дал келбейт. Андан тышкары, №47 абакта көтөрүлүш болуп жатыптыр деген да маалымат чыкты. Ал дагы такталбаган маалымат. «Өмүрбек Текебаев тура албай жатат, операция кылууга уруксат бербей жатат» дегендерге айтып коёт элем, Өмүрбек Текебаев ооруканадан дарыланып келгенден кийин ден соолугу жакшы экенин айтты. Ал киши чоң саясатта жүргөн адам да. Ошондой эле шайдоот. Өзү эшикке чыгып бактын жанынан сүрөткө түштү.

Ушул эле күнү «Ата Мекен» партиясы дагы интернетке чыккан билдирүү боюнча түшүндүрмө берип, Өмүрбек Текебаевдин дени сак экенин бышыктады. Жогорку Кеңештеги «Ата Мекен» фракциясынын лидери Алмамбет Шыкмаматов социалдык тармакка желдей тараган жалган маалыматты «чагымчылдык» деп атады.

— «Өмүрбек Чиркешович Текебаевдин жүрөгү кармап каза болуп калды» деген маалыматты чагымчылдар атайын интернетке таратып жатат. Муну апасы укса эмне болот? Апасы мына 90го чыккан кемпир. Жакында эле жүрөгүнөн операция болду. Ошондуктан бул атайын уюштурулган чагымчылдык. Аны тараткандар кара ниеттер, таш боорлор. Башка жооп жок. Бул маалымат чыгаар замат биздин партиялаштар аны такташты. Андай эмес Өмүрбек Чиркешовичтин саламаттыгы азыр жакшы.

Элди дүрбөлөң салган билдирүүнү жарыялаган «Фейсбук» колдонуучусу Адилет Алиев баракчасынан бул маалыматты өчүрүп салган. Ал өзү ким экени, кайда иштээри жана Текебаев тууралуу билдирүүнү эмне масксатта жазганы белгисиз. Өмүрбек Текебаевдин жактоочусу Таалайгүл Токтакунова калп маалыматты тараткан кишини күч органдары иликтеп чыгышы керек деп эсептейт.

— Бул маалыматты биздин күч органдар сөзсүз текшериш керек. Анткени бул иштер элди дүрбөтүү максатында болушу мүмкүн. Ошондуктан бул маалыматты текшерип элге бул жагдайды түшүндүрүү керек. Себеби азыр өзүңүздөр билгендей ар кандай сөздөр, ар кандай пикирлер чыгып жатат.

Өмүрбек Текебаев 31-июлда Бишкектеги Мирсаид Миррахимов атындагы Улуттук кардиология жана терапия борборуна которулуп, неврология бөлүмүндө дарыланган. Дарылануу курсу аяктаганына байланыштуу 14-сентябрда кайра №47 колонияга которулган. Августтун аягында онколог-дарыгерлер ага калкан безиндеги шишикти операция жолу менен алууну сунуштап, бирок Текебаев макул болгон эмес.

Укук коргоочу Качкын Булатов өлкөнүн тунгуч президенти Аскар Акаевдин тушунда дагы «Өмүрбек Текебаев каза болуп калды» деген маалымат тараганын эстеди. Бул жолу жалган кабарды Жалал-Абаддан ага телефон чалгандардан уккан.

— Жалал-Абаддан мага бирөө чалып эле «Өмүрбек Текебаев өлдүбү?» деп сурады. Анан койсоңчу деп эле жаңылыктарды карасам эч нерсе жок. Тирүү адамды өлдү деп айтуу бул жаман сөз да. Бул деген туугандарына бир топ эле сокку болот.

«Ата Мекен» партиясынын лидери Өмүрбек Текебаев менен аталган партиянын мүчөсү Дүйшөнкул Чотонов «Мегаком» компаниясына байланыштуу «коррупцияга» айыпталып 2017-жылдын 16-августунда 8 жылдан күчөтүлгөн тартиптеги абакка кесилген. Текебаев жана «Ата Мекен» партиясы коюлган айыпты четке кагып келет.

Comments are closed.

Марал Радиосу cможет принять любую посещаемость благодаря кешированию WP Super Cache