Шашылыш кабар:

Лука Модрич — жылдын мыкты футболчусу болду

Сентябрь 25th, 2018 | by Гүлшайыр Бакирова
Лука Модрич — жылдын мыкты футболчусу болду
Спорт
0

ФИФА быйылкы жылдын мыкты оюнчусу катары — “Реал Мадриддин” жарым коргоочусу, хорватиялык Лука Модричти тапты.

ФИФАнын кезектеги жылдын мыктыларын сыйлоо аземи 24-сентябрда Англиянын борбору Лондон шаарында  болуп өттү. Уюмдун маалымат кызматы билдиргенине карганда, бул жылы Модричтин жылдызы жанып, ушуну менен үчүнчү сыйлыгына татып отурат.

Ал буга чейин Чемпиондор Лигасынын сыйлыгын алса, июль айында дүйнө биринчилигинде Хорватия курамасын жетектеп, биринчи жолу финалга чыгып, сыйланган болчу.

Ал эми кыз-келиндер арасында жылдын мыктысы-“Орландо Прайддын” чабуулчусу, бразилиялык Марта болду.

Франция курама командасынын башкы машыктыруучусу Дидье Дешам “Жылдын мыкты машыктыруучусу” наамын жеңип алды. Ал улуттук кураманы үстүбүздөгү жылдын июнь айында Орусияда өткөн дүйнө биринчилигинде жеңишке жеткирген болчу.

Дагы бир франциялык кыз-келиндер клубу “Лиондун” машыктыруучусу Рейналд Педрос “Эң мыкты кыз-келиндер командасынын машыктыруучусу” наамын жеңип алды.

Пушкаштын “Эң кооз гол” сыйлыгын Англиянын “Ливерпуль” клубунда ойногон египеттик чабуулчу Мухаммед Салах алды. Ал бул наамга, өткөн жылдын Декабрь айында Эвертонго каршы оюнда киргизген голу үчүн татыды.

Тибо Куртуа “Жылдын мыкты дарбазачысы” сыйлыгынын ээси болду. Бельгиялык жаш футболчу учурда мадриддик “Реалда” ойнойт.

Эң кызыгы, “Жылдын символикалык командасына” Куртуа кирген жок. Идеалдуу команданын “мүчөлөрү” төмөнкүлөр:

Давид де Хеа (Манчестер Юнайтед)-дарбазачы

Дани Алвес (ПСЖ), Рафаэль Варан, Серхио Рамос, Марсело (бары Реалдан)-жарым коргоочулар

Модрич(Реал), Канте(Челси), Эден Азар(Челси)-жарым коргоочулар

Мбаппе(ПСЖ), Месси(Барселона) жана Роналду(Ювентус)- символикалык команданын чабуулчулары болууга жарашмак экен.

“Эң мыкты күйөрман” наамын Перу өлкөсүнүн курама командасынын күйөрмандары алды. Миңдеген перулуктар жайында Орусияда өткөн дүйнөлүк чемпионатка өз курамасын колдоо үчүн агылып келишкен. Дээрлик 40 жылдан бери биринчи жолу чемпионаттын тандоо турунан өткөн кураманы эң жогорку денгээлде колдоп турушкан.

Ошентип, дүйнөлүк футбол уюму ФИФА быйылкы жылдын жыйынтыгын чыгарды. Мыктыларды аныктоо ФИФАга мүчө мамлекеттердин футболдук ассоциацияларынын добуш берүүсү аркылуу аныкталат.

Comments are closed.

Марал Радиосу cможет принять любую посещаемость благодаря кешированию WP Super Cache