Шашылыш кабар:

Ысык-Көл: Студенттер практикалык ыкмага өтүп жатат

Сентябрь 24th, 2018 | by Гулжамал Асанкадырова
Ысык-Көл: Студенттер практикалык ыкмага өтүп жатат
Билим жана Маданият
0

Ысык-Көл мамлекеттик универстети студенттерге теория менен практиканы бирдей өздөштүрүп билим берүүгө бел байлоодо.  Анын алкагында мугалимдер менен студенттер чет жерлерге чыгып  билимин жогорулатып жатса, бул жолу Германиядан келген кесипкөйлөр тажрыйба алмашууда.

Сергей Викторов Ысык-Көл мамлекеттик унвестетинин мамтематика информатика жана технология факультетинде  билим алып келет. Ал окуу менен катар практика жүзүндө ишти өздөштүрүп жаткандыгын айтат.  Себеби кийин окууну аяктаган соӊ жумушсуз калбоо үчүн  алдыга чон максаттарды койгон.

-Мен билим алууда практикалык долбоордун ишке кирип жатканына кубанычтамын. Албетте, мындай шартты түзүп берген жетекчиликке ыраазычылык билдирем. Себеби буга чейин айрыкча програмисттер  теорияга көбүрөөк басым жасап, кийин кандай иштеп кетебиз деп ойлончубуз. Азыр тажрыйба жүзүндө көбүрөөк машыгып, илимий техникадагы жеӊил программадан баштап вотсап, вайбер сыяктуу веб баракчаларды ойлоп таба алабыз деп ишенебиз. Андан сырткары келечекте жумушка орношуу сынагына катышууга оӊой болот.

Студенттердин мындай оюуна IT адиси Тынчтыкбек Жанадылов да кошулат. Анткени 21- кылымда бардык нерсени тез өздөштүрүү учур талабы болууда.  Ошондуктан бул багытта студенттерге стимул берүү максатында иш тажрыйбасы тууралуу маалымат берип, азыр практикага  басым жасоо керектигин айтты.

Азыр конкреттүү илимди билген адамдардын билими бар болсо да, дипломдору каралбай калды. Ошондуктан азыр теорияга көп басым жасалбашы керек. Мурункуга салыштырмалуу азыр жашоо турмуш тез өнүгүп жатат. Аны бул университет да түшүнүдө. Канчалык практика жүзүндө көбүрөөк болсо, тез өнүгүүгө жол ачат. Мисалы теорияны 4-5 жылга созбой 2-курстан баштап окуусун да улантып,  компанияларга да тажрыйба топтоо ирээтинде иштетсе, адам көбүрөөк ийгиликке жетишет.

Бирок Ысык-Көл мамлекеттик университети 2015-жылдан бери DAF эл аралык уюуму менен иштешип келген. Анда  мугалимдер менен студенттерди чет жерге жиберип, билимин жогорулатууга шарт түзүп келген. Ал эми бул жолу Германиядан келген кесипкөйлөр менен тажрыйба алмашып, теория менен практиканы айкалыштырууда. Бул боюнча Ысык-Көл мамлекеттик университетинин математика информатика жана технология факультетинин окутуучусу Кубанычбек Закираев  буларга токтолду:

-Азыр биз теориялык окутууларды азайтып, практикалык жагын көбөйтүп, студенттерди кесипке камдоонун даражасын жогорулатууну колдойбуз. Алгач бул долбоордун жардамы менен мугалимдерибизди камдап, квалификациясын жогорулатып, Германия жана башка өлкөлөргө чыгара алдык. Андан сырткары студенттериди да жиберип атабыз. Ал эми окуу процессти батыштагы Саксония университетинин техниалык жардамы менен өзгөрттүк. Ошондой эле материалдык техникалык базабызды чыӊдап алдык.

Мындан сырткары ушул эле эл аралык DAF долбоору өлкөдөгү алдыӊкы окуу жайлар менен да кызматташып жаткан учуру. Эӊ  негизги масксаты, студенттерге бизнес сектор менен байланыш түзүү, жакшы жумушка  орноштуруу болуп саналаарын долбоордун адиси Усула Пайтнер маалымдады.

-Биздин негизги максатыбыз Германиянын жогорку оуу жайлары менен башка мамлекеттердин ЖОЖун  кызматташууга чакыруу, мамиле түзүү , степендия берүү болуп саналат. Бүгүнкү күндө долбоордун алкагында Грузия жана Кыргызстандын бир нече университети тыгыз байланыш түзө алды. Ошол эле учурда  бизнес сектор менен да байланыш мүмкүнчүлүгү болду. Себеби,  бул байланыш аркылуу кийин  окууну аяктагандар жакшы жумуштарга  ээ болушат. Андыктан Ысык-Көл мамлекеттик университети биз менен алака түзгөн соӊ кийин мыкты бүтүрүүчүлөр жакшы ийгиликтерге жетише алат деген ойдомун, — деди У.Пайтнер.

Comments are closed.

Марал Радиосу cможет принять любую посещаемость благодаря кешированию WP Super Cache