Шашылыш кабар:

Серена Уилямс чуулуу беттеш тууралуу үн катты

Сентябрь 25th, 2018 | by Гүлшайыр Бакирова
Серена Уилямс чуулуу беттеш тууралуу үн катты
Спорт
0

 

Теннис боюнча Американын ачык чемпионатында Серена Уилямс жашыруун билдирүулөр аркылуу машыктыруучусу менен сүйлөшкөн эмес. Анын бул билдирүүсүн Би-Би-Си жазып чыкты.

Ушул айдын башында өткөн Американын ачык чемпионатынын финалдык беттешинде япониялык Наоми Осакага жеңилип калган америкалык теннисчи Серена Уилямс чуулуу беттеш тууралуу оюн айтты.

“Мен машыктыруучум менен такыр сүйлөшкөн эмесмин. Ал экөөбүздүн ортобузда колдонгон жашыруун белгилер да жок. Машыктыруучум кыйкырып сүрөп жаткан, анын эмне дегенин да түшүнгөн эмесмин. Кийин андан сурасам, мени сүрөп гана турганын айтты”,-деди ал.

Эскерте кетсек, теннис боюнча дүйнөнүн эң чоң төрт биринчилигинин бири болгон Американын Ачык чемпионатынын финалында Серена япониялык Наоми Осака менен беттешкен. Башынан эле дарамети жакшы болбой жаткан оюнчу “машыктыруучусу менен жашыруун белгилер аркылуу сүйлөшүп жатат”деп, эскертүү алган. Ага ызаланып колундагы рокеткасын жерге уруп сындырып салган. Спорттук этиканы бузганы үчүн башкы калыс экинчи жолу эскертүү берип, жаза упайын кошот. Буга ачууланган Серена калыс менен тартышып, оюн дээрлик аяктап калганча ага “жалганчы”, “ууру” сыяктуу акарат сөздөрүн айтып турган. Оюндун калысы үчүнчү жолу жаза катары аны оюндан четтеткен. Ошентип, салмактуу биринчиликте жеңиштен куру калган болчу.

Бирок Серена Уилямс бул кылганы үчүн кечирим суроо ниети жок экенин билдирди.

Comments are closed.

Марал Радиосу cможет принять любую посещаемость благодаря кешированию WP Super Cache