Шашылыш кабар:

Кыргызстан-Япония футболчулары беттеш өткөрөт

Сентябрь 25th, 2018 | by Талгат Мураталиев
Кыргызстан-Япония футболчулары беттеш өткөрөт
Кыска кабар
0

Кыргызстандын футбол боюнча улуттук курама командасы Япония курама командасы менен беттешет. Бул тууралуу Футбол федерациясынан билдирди.

Маалыматка ылайык, 2019-жылы өтүүчү футбол боюнча Азия кубогуна даярдануу максатында Кыргызстан менен Япония курамалары жолдоштук беттештерди өткөрөт. Аталган беттештер Тойота шаарындагы Тойота стадионунда 20-ноябрь күнү өтөт. Беттештин так убактысы кийинчерээк белгилүү болот.

Буга чейин Кыргызстандын футболчулары Палестина курамасы менен ойноп, 1:1 эсебинде тең чыккан. Андан соң Сирия курамасын 2:1 эсебинде утуп алган.

Comments are closed.

Марал Радиосу cможет принять любую посещаемость благодаря кешированию WP Super Cache