Шашылыш кабар:

Кыргызстандык каратисттер эл аралык мелдеште 4 медаль утуп алды

Сентябрь 25th, 2018 | by Талгат Мураталиев
Кыргызстандык каратисттер эл аралык мелдеште 4 медаль утуп алды
Кыска кабар
0

Кыргызстандык каратисттер Казакстанда өткөн өспүрүмдөр арасындагы эл аралык мелдеште 4 медаль утуп алды. Бул тууралуу машыктыруучу Сергей Шевченко билдирди.

Анын айтымында, Талдыкоргондо өткөн мелдешке 200 спортчу катышты. Кыргызстандан беш спортчу катышып, төртөө байгелүү кайтты.

Атай кетсек, Данил Бородулин алтын медаль тагынып, мыкты техника үчүн белек алды. Мындан тышкары Орозбек уулу Шамиль да чемпион аталды. Ал эми Нурмухамад Каниметов менен Диана Алисултанова күмүш медаль тагынышты.

Белгилей кетсек, карате боюнча дүйнөлүк чемпионат ноябрь айында Астана шаарында өтөт. Ага Кыргызстандан 10 спортчу катышат.

Comments are closed.

Марал Радиосу cможет принять любую посещаемость благодаря кешированию WP Super Cache