Шашылыш кабар:

Кылычбек Султанов менен ТИМдин тиреши

Сентябрь 25th, 2018 | by Бакыт Төрөгелди уулу
Кылычбек Султанов менен ТИМдин тиреши
Саясат
0

Эмгек жана социалдык өнүктүрүү министринин мурунку орун басары Зууракан Каденованын Сеулдагы чыр-чатагынын арты менен Тышкы иштер министрлигиндеги маселелер калкып чыкты.

«Элчиликке эч ким чалган эмес»

Элчи Кылычбек Султанов Сеулда аэропортто чыр салган Зууракан Каденова жана Тышкы иштер министрлиги менен элчиликтердеги мыйзамсыз иштер боюнча 24-сентябрда Бишкекте кенен маалымат берген. Ал басма сөз жыйында президенттик аппараттан «Каденованын окуясы тууралуу маалымат таратпагыла» деген тапшырма түшкөнүн дагы айткан.

Бирок ушул эле күнү президенттик аппараттын маалыматтык саясат бөлүмүнүн жетекчиси Толгонай Стамалиева элчинин билдирүүсүн четке кагып, «аппараттан элчиликке чалуу болгон эмес» деп ишендирди.

— Баарыңыздарга белгилүү болгондой ошол эле күнү (ред: 22-сентябрда) ал чиновникти (ред: Зууракан Каденованы) кызматтан бошотуу боюнча премьер-министр чечим кабыл алып, коомчулук билген болчу. Ошондуктан кимдир-бирөөнүн Сеулда болгон окуяны жашыруу, тапшырма же сураныч кылуунун кажети жок эле. Кошумчалай кетчү жагдай, ал күндөрү КРнын президентинин аппаратынан Кыргызстандын Сеулдагы элчисине эч ким байланышка чыккан эмес.

Кылычбек Султановдун өз чындыгы

Кылычбек Султанов президенттик аппараттын элчиликке телефон чалган кызматкеринин атын ачыктаган жок. Ал байланышка чыккан киши жөнөкөй гана кызматкер экенин, бирок ага буйрук берген жогорку кызматтагы адамдар бар деп боолгоп жатат. Каденова боюнча маалыматтын жарыяланышына тоскоол болгон чиновник тууралуу президент аны кабыл алса айтып берерин, ал эми президенттин аппараты Жээнбековду алдап жатышканын айтууда.

— Туура эмес маалыматтар берилген болсо демек президентти алдап жатышат. Менин оюмча ошол алдап жаткан адамдарды жаза күтөт. Ал кишилер президенттин аппаратында иштеп жатып дагы өлкө башчынын мамлекеттик органдарга койгон тапшырмасын тескери бурмалап, бузукулук кылып жаткан адам же адамдардын тобу деп ойлойм. Эгер мени президент кабыл алса айтам. Телефон чалган адам жөнөкөй эле катардагы кызматкер болушу мүмкүн. Ошондуктан анын атын айткым келбейт.

Ал арада Тышкы иштер министрлиги Султановдун Бишкекте өткөргөн жыйынына байланыштуу билдирүү таратты. Анда элчи жүрүм-турум эрежелерин, дипломаттык этика нормаларын бузганын, анын өзүнүн туура эмес иштерин ачыкка чыгара турган маалыматтар бар экени камтылган. Министрлик ошондой эле аны кызматтан алуу боюнча сунуш президентке жөнөтүлөрүн эскертти. Кылычбек Султанов болсо аны кызматтан алууга негиз жок, тескерисинче өлкө башчы ага ыраачылык билдирет деген ойдо.

— Президентке жарым жылдай жүрүп маалыматтарды жеткире алган жокмун. Акыры ЖМКлар аркылуу маалымат берүүгө чыгындым. Мен бул жерде тескерисинче, президенттен ыраазычылыкты күтөм. Себеби ТИМ деген бул мамлекеттик бакыйган орган. Бул системадагы кемчиликтерди жоюуга кошкон салымым үчүн мени кызматтан алуу эмес, тескерисинче ТИМди ушундай абалга келтирген адамдарды жазалоого чыгынат деп ойлойм. Президенттин айткан сөзү менен кылган иши төп келет деген ишеничтемин.

Каденова окуясы кантип шылтоо болду?

Кылычбек Султанов президентке кыргыз элчиликтериндеги кызматкерлердин чет өлкөлүк жарандардан акча талап кылганы, автоунааларды аткезчилик жол менен алып келүү, элчиликке тиешелүү дипломатиялык номерлерди, дипломатиялык паспортторду белгисиз адамдарга берүү сындуу мыйзамсыз иштерди жеткирейин деген экен. Бирок ал өлкө башчыга жолуга алган эмес. Конституциялык палатанын мурдагы судьясы Клара Сооронкулова аталган иштердин ачыкка чыгышына Каденованын окуясы шылтоо болду деп эсептейт.

— Мамлекеттик кызмат жөнүндө мыйзамда «өзүнүн жетекчисин жана өзү иштеп жаткан мекемедеги ишти негизсиз сынга алса болбойт» деп жазылып турат. Сөзсүз кандайдыр бир жүйөлөрү, далилдери болушу керек. Эми чет жакка барып алып элчиликтин автоунаасынын номурун сатып жатышса Кылычбек Султанов айтпаш керек эле дейбиз. Ал муну айтып чыкпаса эч ким эч нерсени билбей калмакпыз. Айтып чыкканы туура болду. Ал Каденованы жөн гана шылтоо кылып ушул маселелерди айтты. 

Каденова жана Тышкы иштер министрлигинин айланасындагы кеп-сөздөр парламенттин Эл аралык иштер, коргоо жана коопсуздук боюнча комитетинде дагы талкууланды. Аталган комитеттин мүчөсү, депутат Руслан Казакбаев маселени бардык тараптарды чакырып алып чечүүнү сунуштады.

— Бул маселе бир гана ТИМге же Социалдык өнүгүү министрлигине байланыштуу эмес. Бул жерде жалпы эле мамлекеттик кызмат системасындагы кемчиликтер ачыкка чыгып жатат. «Ооруну жашырсаң өлүм ашкерелейт» болуп жатат. Эми Тышкы иштер министри келгенден кийин аны, министрге сын айтып жаткан Кайрат Осмоналиев деген илимдин докторун, Кылычбек Султановду комитетке чакырып, мүмкүн жабык жыйын кылып же ММКларга маалыматтарды ачык чыгарууну сунуштадым.

Кылычбек Султанов Кыргызстандагы бир катар массалык маалымат каражаттарында эмгектенген. 2012-2013-жылдары Социалдык өнүгүү министри болуп иштеген. 2014-2017-жылдары Кыргызстандын Малайзиядагы элчиси болгон. Кыргызстандын Түштүк Кореядагы элчиси болуп 2017-жылы дайындалган.

Comments are closed.

Марал Радиосу cможет принять любую посещаемость благодаря кешированию WP Super Cache