Шашылыш кабар:

Жээнбеков БУУнун башкы трибунасында сөз сүйлөдү

Сентябрь 26th, 2018 | by Гүлшайыр Бакирова
Жээнбеков БУУнун башкы трибунасында сөз сүйлөдү
Саясат
0

БУУнун Башкы Ассамблеясынын 73-сессиясына катышкан президент Сооронбай Жээнбеков дүйнөнүн башкы трибунасынан сөз сүйлөдү.

Анда өлкө башчы улуттук, аймактык жана глобалдык маанидеги маселелерге карата кыргызстандыктардын атынан көз карашын билдирди.

Дүйнөнүн саясий, экономикалык жана экологиялык абалы туруксуздашты. Дүйнөлүк саясатта регионализм маселеси курчуду. Терроризм менен экстремизм бардык өлкөлөрдү курчап алды. Экологиялык тең салмактуулукту сактап калуу барыбыздын дартыбызга айланды. Бул көйгөйлөр кайдан чыкканына карабастан, биргеликте күрөшүүбүз керек”.

Мамлекет башчы мамлекеттеги акыркы жылдагы тынч өткөн шайлоолорго токтолуп, жакынкы келечекте маанилүү кадамдарды таштоого аракет кылаарын билдирди. Парламентаризм-кыргызстандыктардын табиятына ылайык келген туура багыт экенин белгилеген Жээнбеков, бул багытта алдыга койгон максаттарды атады:

Бүгүн биздин алдыбызда эртеңки күндүн талаптарына ылайык саясий жаңылануу жана экономикалык өсүү милдеттери турат. Баарынан мурда, соттук, укук коргоо жана күч түзүмдөрүн реформалоону көздөп жатабыз”.

Мындан сырткары, өлкөдө аймактардын туруктуу өнүгүүсү, инвестициялык климатты жакшыртуу жана мамлекеттик башкарууда ачык-айкындуулукту камсыздап, коррупциясыз түзүмдү бекемдөө 2040-жылга карата Кыргызстандын негизги приоритеттеринен экенин кошумчалады.

Ал эми Борбор Азиядагы суу маселесинин курчтугуна токтолгон президент буларды айтты:

Акыркы он жылдагы суу энергетикалык ресурстарын колдонуудагы маселелер Борбор Азия өлкөлөрүнүн өнүгүү жолуна ылайык суу иштетүү боюнча жаңы чараларды көрүүбүз керектигин айгинеледи. Кыргызстан бул тармакта орток пайданы көздөгөн кадамдарга барат

Баңгизат соодасы, адам сатуу жана терроризмди каржылоо сыяктуу көйгөйлөр менен болгон эл аралык уюмдардын күрөшү натыйжасыз бойдон калууда. Бул биз сыяктуу, эл аралык наркотрафиктин чордонунда турган өлкөлөр үчүн чоң кооптонуу жаратууда. Аталган маселе менен бирдиктүү күрөшүү зарыл. Анткени эч бир өлкө экстремизмден коопсуздалган эмес. Муну менен бирге Жээнбеков Борбор Азияны курчаган уран коркунучу тууралуу да демилге көтөрөөрүн айтып өттү:

Урандын калдыктарын рекультивациялоо ишинде жаңы этапка өтүү максатында, Кыргызстан 2013-жылы кабыл алынган Борбор Азиядагы коопсуздукту сактоодо эл аралык коомчулуктун ролу тууралуу БУУнун резолюциясын жаңылоо демилгеси менен чыгат”.

Сөзүнүн аягында, президент БУУ Кыргызстан үчүн абдан чоң мааниге ээ экенин, эл аралык маселелердин чечилүүсүндө колдон келген аракетин кылаарын билдирип, 2027-2028-жылдарга БУУнун туруктуу эмес мүчөлүгүнө талапкерлигин да көрсөткөнүн кошумчалады.

Кыргызстандын мындай чоң аянтчада өзүнүн позициясын билдирүүсү өлкөнүн эл аралык аренадагы дымагын билдирет. Мындай пикирин эл аралык мамилелер боюнча эксперт Эдил Осмонбетов айтты.

Башкы Ассамблея — бул дүйнөдөгү эң чоң аянтча. Ал жерде Кыргызстандын үнү угулганы жакшы көрүнүш. 193 мамлекеттин алдында өлкөбүздү суверендүү, өз позициясы бар мамлекет катары таанытуусу биз үчүн жаңы дымак”.

Дагы бир эксперт Эмил Жураевдин айтымында, БУУ конкреттүү маселелерди чечүүчү жер эмес. Ал жерде, аймактардагы жана өлкөлөрдөгү жалпы саясий-социалдык абал көздөн өткөрүлөт. Бул пландан алганда, Жээнбеков мамлекеттик, аймактык жана эл аралык маселелерди орундуу ачыктап кетти.

“БУУга барган мурунку президенттер деле ушул сыяктуу жалпы маселелерге токтолчу. Жаңылык деле эмес. Негизгиси, биз үчүн маанилүү болгон улуттук жана эл аралык маселелерди орундуу коюп, өлкөнү татыктуу таанытты”.

Эскерте кетсек, БУУнун Башкы Ассамблеясынын 73-сессиясы 25-сентябрда башталып, 28-сентябрга чейин Нью-Йорк шаарында өтөт. Ага Кыргызстандын президенти Сооронбай Жээнбеков президенттик кызматка киришкенден бери биринчи жолу катышууда.

Жыйындын алкагында жалпы дебаттар жана эки тараптуу сүйлөшүүлөр жүрмөкчү. Кезектеги жыйындын башкы темасы катары эл аралык коопсуздук, биримдик жана конкреттүү түрдө Сирия жана Мянмадагы кыргындар каралат.

Comments are closed.

Марал Радиосу cможет принять любую посещаемость благодаря кешированию WP Super Cache