Шашылыш кабар:

Ысык-Көлдө байытылган ундар текшерилүүдө

Сентябрь 26th, 2018 | by Гулжамал Асанкадырова
Ысык-Көлдө байытылган ундар текшерилүүдө
Коом
0

Ысык-Көлдө азык-түлүк коопсуздугу, аз кандуулук, туура тамактануу жана байытылган унду пайдалануу маселелери каралууда. Иш-чаранын алкагында жооптуу кызматкерлер ун саткан мекемелерди текшерип, эскертүү беришти.

Биз дүкөнгө барганда дайыма сурап, ундардын түрүн карайбыз. Албетте, сертификаттарына көӊүл буруп, байытылган унбу, же байытылган эмеспи текшеребиз. Кээде сатуучулар унду байытылган деп айта беришет. Бирок, ошого карабай мүшөктүн сыртындагы логотипти, курамы жазылган кагазды карап ишенимдүү алабыз. Мындай пикирин Жети-Ѳгүз районунун Оргочор айылынын тургуну Разия Токтосунова билдирди.

Ал үч жылдан бери байытылган унду колдонуу боюнча окууларга катышып, үй бүлѳсүнүн ден соолугу үчүн бир топ маалымат алган. Бирок, байытылган ундун пайдалуу жагын жашоочулардын 100 пайызы билет деп айтууга болбойт. Себеби, Каракол шаарындагы ун саткан соода түйүндѳрдѳн сурамжылоо жүргүзгѳндѳ кээ бири ишенүү кыйын деген пикирлерди калтырышты:

-Тегирмендер ар кандай, ишеним арта алабыз. Бирок, ал үчүн чоӊ көзөмөл керек.

-Мамлекеттик стандарт боюнча байытылган ундун атайын белгиси бар. Тегирменден витаминдер кошулабы же кошулбайбы аны ким билет.

-Мен Казакстандан келген унду гана алам. Анткени нан бышырсаӊ жакшы көбөт, токочтор таттуу, даамдуу болот. Байытылган ун жөнүндө уккам, бирок ага карабай эле көнгөн унумду алам.

Мындан улам облус тургундарына кайрадан фолий кычкылы, Б тобундагы витаминдердин тобу менен темир кошо турган унду колдонуу боюнча маалымат жеткирилүүдѳ. Себеби, кош бойлуу энелер үчүн мониторинг жүргүзгөндө 20 пайызы аз кандуулук менен жабыркап, республикада 3-орунда турары тастыкталган. Мындан сырткары мектеп, бала бакчаларды азык -түлүк менен камсыздоодо кемчиликтер жаралууда. Эми балдардын саламаттыгы үчүн тендер өткөрүүдө мурдагы каталар кайталанбашы керектигин азык-түлүк коопсуздугу боюнча жарандык альянстын өкүлү Халида Аманаова билдирди:

Нандын унун байытуу мыйзамы кабыл алынганына 3 жыл болуп баратат. Мыйзамга ылайык, өндүрүлгөн, сырттан кирген, сатылып жана иштетилип жаткан ун толугу менен байытылган болушу шарт. Биз 2016-жылы мониторинг жүргүздүк. Анын жыйынтыгы боюнча көп бала бакчаларда сертификаттары туура жазылганы менен кампасында бөлөк ун болуп чыгып жатат.

Демек, мындай көрүнүштөрдүн алдын алуу үчүн Ысык-Көл облусунун аймагында жыл башынан бери санэпиденция кызматы текшерүүлөрдү уюуштуруп, 129 үлгү алышкан. Анда талапка жооп бербеген 4 жер аныкталып, сатууга чектөө киргизилген. Эми Казакстандан келип жаткан ундардын сапатына да шарт коюу керектигин Каракол шаардык ооруларды алдына алуу жана мамлекеттик санэпиденция көзөмөл борборунун кызматкери Гүлүшкан Тайлакова буларга токтолду:

-Унду сөсзүз түрдө байытуу бул биздин өлкөгө гана тиешелүү. Ал эми бажы союзунун башка мүчөлөрүндө унду байытуу деген мыйзам жок. Ошондуктан алардын азык түлүктөрү бизге кирип жатат. Азыр чек арадан аймактардагы дүӊ соода түйүндөргө талапка туура келбеген ундарды өткөрбөө боюнча маселе көтөрүп жатабыз. Мыйзамда көрсөтүлгөндөй кимдир бирөө сатабы, алабы, тамак аш даярдайбы бардык этаптарда байытылган унду гана колдонуу керек. Ошол себептен түшүндүрүү иштерин жүргүзүп жатабыз. Ал эми жооп бербеген продукцияларды четке чыгарып жатабыз. Жыл башынан бери 3,5 тонна болду.

Маалымдай кетсек, Ысык-Көл облусунда 9 тегирмен болсо анын алтоосунда гана байытылган ун чыгарылат.

Comments are closed.

Марал Радиосу cможет принять любую посещаемость благодаря кешированию WP Super Cache