Шашылыш кабар:

Бишкектиктер мамлекеттик кадрлар тууралуу кандай пикирде?

Сентябрь 27th, 2018 | by Айжамал Худайбердиева
Бишкектиктер мамлекеттик кадрлар тууралуу кандай пикирде?
Коом
0

Токон Мамытовдун акыйкатчы болуп шайланышы менен кадрлардын кесипкөйлүгү боюнча сын пикир кайра козголду. Мындан улам Бишкек шаарынын тургундарынан мамлекеттик кызматта иштеген кадлардын ишмердүүлүгү тууралуу пикирин сурап көрдүк.


Токон Мамытовдун акыйкатчылык кызматка келүүсү менен кадрлардын кесипкөйлүгү боюнча сын пикир кайра козголду. Жогорку Кеңештин депутаты Жанар Акаев парламенттин жалпы жыйынында кызматка элдин кыжырына тийген талапкерлер сунушталып жатканын айтып чыкты.

— Элдин кыжырына тийген талапкерлерди каяктан издеп табасыңар? Мен силерге таң калам. Бишкектин мэри, министрлер алып келген талапкерлериңердин бирөөсүнө дагы эл ыраазы эмес. Коомчулуктун сыны абдан катуу болуп жатат. 

Мындан улам Бишкек шаарынын тургундарынан мамлекеттик кызматта иштеген кадрлардын ишмердүүлүгү, кесиптик деңгээли тууралуу пикирин сурап көрдүк. Алсак, Алия айым тигүү цехин иштетет. Ал мамлекеттик салык кызматынын ишине нааразы экенин билдирди.

— Менин ишканам көрүнүктүү жерде болгондуктан ай сайын салыгымды калтырбай төлөйм. Бир күн кеч калтырсам айып пул салынат. Салык кызматы да туура эмес иштейт. Мисалы, салыкчылардын чөнтөгүнө эле айына эки миң сом берип койгондорду угам. Ал эми мен 7 миң сомдон салык төлөйм. 

Ал эми Жети-Өгүз районунун Дархан айлынын тургуну Жакшыбек Асаналиев Бишкекке алма сатканы келген. Ал дыйкандар түшүмүн сата албай кыйналып жатканын айтып кейит. Президент иштеп жатканы менен калган органдар мурунку калыбында жүргөнүн белгилеп, буларга токтолду.

— Дыйкандарга бираз колдоо көрсөтүп коюшса жакшы болмок. Алма алып келип саталы десек милициялар кубалайт. 3 балам бар. Жер үлүшүн трансформацияга чыгарбай, биздин айыл өкмөт иштей албай жатат. 

Мындан сырткары, калаа тургундарынын арасында өкмөт өзү менен өзү болуп, элди унутуп койгонун айткандарды да кездештирдик.

—  Баары өзүн ойлоп, ичип-жеп жатышат. Элди ойлогон эч ким жок. Өзгөчө айыл өкмтөттөр жакшы иштебей жатат. 

— Аткаруу бийлигинде акыйкат иштеген киши жок. Билими туура келбегендер да кызматта отурушат. Бизге акчага кызыкпаган, карапайым элдин көйгөйүн уккан жаш кадрлар келсе жакшы болмок. 

— Сентябрь башталышы менен баягыдай эле «мектепке акча, үч айдыкын дароо төлөгүлө» деген сөздөр башталды. 

— Жанталашып эл үчүн иштегендей болушат. Анан эле «иштей албайт, аны жептир, муну жептир» дегендери чыгып калууда. 

Ошол эле учурда, коррупция менен күрөш жүрүп, элдин турмушу мамлекеттин жардамы менен өнүгүп бара жатат деген пикирин билдирген жарандар да болду.

— Көп эле өзгөрүүлөр болуп, элдин жашоосу жакшырып бара жатат. Эч качан өзү менен өзү оңолбойт да. Өнүгүү албетте мамлекеттин жардамы менен болуп жатат. 

— Өзгөрүү жок. Болгону коррупция гана бираз жоюлбаса калганы ошол эле бойдон.

— Үйүндө наны жок отурган кишилер бар. Ошондой адамдарга социалдык пенсия чыгарып, алардын көйгөйүн уккан киши жок. Зээниң кейийт. Өкмөт башчы элдин көйгөйүн көбүрөөк укса. 

Дагы башкасы «мурдагы президент Алмазбек Атамбаевдин убагындагы жашоо жакшы болчу» десе, айрымдар өкмөттүн ишин кароого эмес, өзүнүн көйгөйлөрүнөн башы чыкпай жүргөнүн белгилешти.

— Тескерисинче Атамбаевдин убагы жакшы эле. Пенсияларга жакшы кошулуп жаткан. Азыр эми 200 сомдон кошулат деп жатышат. Ал эмнеге жетсин? Акыйкатчылыкка Токон Мамытов келди. Ал кимге жаксын, картаң кишилер эмне кылып берет? 

— Сооронбай Жээнбеков дагы президент болоордо «Бабанов пенсияны 10 миң сом кылам деп жатат, мен 11 миң сом кылам» деген болчу. Мисалы, азыр менин пенсиям 6 миң сомго жетпейт. 

— Өкмөт менен такыр ишим жок. 

— Эч кандай өзгөрүү жок, мурунку эле система. Баягы эле коррупция, жеп-ичмей, чоңдорго акча бермей…

Сурамжылоонун жүрүшүндө мамлекеттик кызматта иштеген кызматкерлердин айлык акысын, улгайгандардын пенсиясын көтөрүү зарылчылыгына токтолгон эл арбын экени маалым болду.

Comments are closed.

Марал Радиосу cможет принять любую посещаемость благодаря кешированию WP Super Cache