Шашылыш кабар:

Мелис Турганбаев күрөш боюнча дүйнө чемпиондугуна катышат

Сентябрь 28th, 2018 | by Бахар Хакимова
Мелис Турганбаев күрөш боюнча дүйнө чемпиондугуна катышат
Кыска кабар
0

28-30-сентябрь күндөрү Македониянын Скопья шаарында Кыргызстандын эркин күрөш боюнча курама командасы ардагерлер арасындагы дүйнө чемпионатына катышат. Бул тууралуу Күрөш федерациясынан билдиришти.

Мелдешке Кыргызстандан төрт ардагер балбан катышат. Алар 78 килограммга чейинки салмакта мурунку Ички иштер министри Мелис Турганбаев, 70 кг салмак ченинде Кубан Эркимбеков менен Талант Бегалиев жана 100 кг салмакта Чынарбек Изабеков катышат.

Мелис Турганбаев ушуну менен үчүнчү ирет дүйнө чемпионатына катышат. Ал былтыр эл аралык мелдеште коло медаль тагынган.

Спортчуларды машыктыруучулар Сүймөнкул Таабалды уулу менен Мейрамбек Ахметов коштоп барат.

Comments are closed.

Марал Радиосу cможет принять любую посещаемость благодаря кешированию WP Super Cache