Шашылыш кабар:

Депутаттын «каралар» боюнча какшык сунушу

Сентябрь 28th, 2018 | by Бакыт Төрөгелди уулу
Депутаттын «каралар» боюнча какшык сунушу
Саясат
0

Депутат Рыскелди Момбековдун «каралар» боюнча какшык аралаш сөзү уюшкан кылмыштуу топтор маселесин козгоду.

Бакиевдер убагында өлкөдөн чыгарып кеткен акчаны Кыргызстанга кайтарып келүү маселеси 27-сентябрда парламентте талкууланды. Анда депутат Рыскелди Момбеков Бакиевдер сыртка алып кеткен каражаттын бир бөлүгү 6 млн доллар тууралуу Башкы прокурор Өткүрбек Жамшитовго суроо узатты.

Жамшитовдун маалыматында, 6 млн доллар тоңдурулуп турат жана аны кайтарып алуу үчүн «AKIN GUMP» юридикалык компаниясы иштеп жатат. Эгер каражат Кыргызстанга келип кала турган болсо, аталган компания акчанын үчтөн бир бөлүгүн алат. Бирок Момбеков «AKIN GUMPтун» кызматы кымбат экенин айтууда.

— Мисалы 33 пайыз деген 100 млн табылса, ошонун 33 миллионун алып калып 67 миллионун кайтарып берет экен. «Каралардын» ставкасы деле мындан аз да. «Черныйларга» берсек, 10 пайыз менен эле өндүрмөкпүз да. (Башкы прокурордун жообу: Алардын ставкасы канча экенин билбейм). Сиз билбесеңиз Кашкаш Астаканович (ред: ИИМ министри) жакшы билсе керек. 2005-жылдагы революциядан кийин «Либерман» деген чыккан. Акаевдин мүлктөрүн табабыз деп ага 500 млн сом карматып, анын өзүн таппай калганбыз. Бул деле ошондой да. «AKIN GUMP» деген фирманы таптык бир тыйын тапкан жокпуз же алар өндүрбөйт.

«AKIN GUMP» юридикалык компаниясы менен өкмөттүн ортосунда 2015-жылы келишим түзүлгөн экен. Башкы көзөмөл органы уурдалган 6 млн доллар өлкөгө кайра кайтарылат деп ишенет. Баарынан дагы депутат Момбековдун парламентте «каралар» тууралуу айтканы талкууга жол ачты. Жогорку Кеңештин жыйынында «каралардын кызматын колдонуу» сунушун сындагандар бар. Бирок парламенттин мурдагы депутаты Туратбек Мадылбеков Рыскелди Момбековдун сөзүн күч органдарына карата какшык катары сыпаттады.

— Биздин чиновниктердин, Башкы прокуратуранын мээси жетпеген анан «каралардын» мээси кантип жетсин? Рыскелди Момбеков аларга тийишип ушу колуңардан келбей анан компания жалдап жатасыңарбы, эмне үчүн ишти колго албайсыңар дегендей түшүнүп жатам. Сөздүн негизги төркүнү ушул. Эл аралык уюмдарды жалдап жатсаңар анча болду «караларды» дагы колдонгула деп мазактоо иретинде айтылган сөз деп түшүндүм.

Депутаттын сөзү өлкөдөгү криминогендик абалды кайрадан эске салды. Жогорку Кеңештин Укук тартиби, кылмыштуулук менен күрөшүү жана коррупцияга каршы аракеттенүү боюнча комитетинин мүчөсү, депутат Бакытбек Жетигенов эл өкүлү Рыскелди Момбеков «күйгөнүнөн улам каралар тууралуу кеп кылды», — деп жатат.

— Ал кесиптешим күйгөнүнөн айтты да. Акаевдин, Бакиевдин чыгарып кеткен акчаларын алып келүү боюнча эч кандай тыянак жок болуп жатпайбы. Бир дагы тыйын келинген жок да. Мурун деле канча компанияны жалдап канча акча беришкен эч кандай майнап жок мамлекет эле чыгым болду. Ошондуктан бул жолу дагы какшыктап күйгөнүнөн айтты.   

Кыргызстанда уюшма кылмыштуу топтор боюнча маселе ушул жылдын башында дембе-дем көтөрүлгөн. Буга кылмыш дүйнөсүндө «Дөө» каймана аты менен таанымал Чыңгыз Жумагулов мөөнөтүнөн мурун эркиндикке чыгып кайра камалышы, Ысык-Көлдө чоң муштумдардын «Осьминог» ресторанын өрттөп жибергени сындуу окуялар түрткү болгон. Журналист Семетей Талас уулу «каралар» азыр бизнеске аралашып, жакшы эле киреше таап жатышканын айтууда.

— Бажы кызматына чейин өзүнүн кадрларын коюшту. Аткезчиликти дагы ушулар карайт. Ал жакта да миллиондор айланат. «Каралар» азыр мамлекеттин алы жетпегидей күчтүү. Мамлекет эч качан «караларга» муктаж болбош керек. Бирок азыр деле муктаж болуп турат. «Караларды» мамлекет тынч тургула деди. Ооба, азыр мурдагыдай бирин-бири өлтүрүү жок. Бирок алар акчаларын кирешелүү бизнестерге салып жатат.

Ал эми коопсуздук жаатындагы эксперт Марат Иманкулов Кыргызстанда кылмыш дүйнөсүнүн адамдары аша чапкан иштерди азырынча жасай элек деп эсептейт. Укуктук мамлекетте дегиле «каралар» деген түшүнүк болбош керек деген ойдо.

— Анын бетине ары кылсын азырынча «каралардын» коомго жана мамлекетке болгон чакырыгын көрө элекмин. Биз кылмыш дүйнөсүнө маани бербешибиз керек. Укуктук, демократиялуу, тарптип орногон мамлекетте алардын үнү дагы чыкпайт. Мамлекеттик мыйзам гана үстөмдүк кылат.

Кылмыштуу топтордун маселеси Жогорку Кеңеште утур-утур көтөрүлө калып жүрөт. Айрым талдоочулар Кыргызстанда уюшма кылмыш топтор менен бийлик камыр-жумур болуп аралашып кеткен деген дагы баасын беришет.

Comments are closed.

Марал Радиосу cможет принять любую посещаемость благодаря кешированию WP Super Cache