Шашылыш кабар:

Учурда кызылча оорусун жуктуруп алган 30 бейтап дарыланууда

Октябрь 1st, 2018 | by Бахар Хакимова
Учурда кызылча оорусун жуктуруп алган 30 бейтап дарыланууда
Кыска кабар
0

Жыл башынан бери 429 кызамык жуктуруп алган учур катталган. Ооругандардын көпчүлүгү Бишкек шаарына туура келет, борбордо 276 учур катталса, Чүйдө 107 учур катталган. Бул тууралуу Республикалык клиникалык жугуштуу оорулар ооруканасынын башкы дарыгери Гүлжигит Аалиев билдирди.

Анын айтымында, учурда 1 жаш, 3 айлык бейтап курч мүнөздөгү респиратордук инфекция менен №7 бөлүмгө жаткырылган.

Дарыгердин айтымында, жалпысынан ооруканада инфекцияны жуктуруп алган 12 изоляциялык палата бар. Учурда кызамык менен ар кандай курактагы 30 бейтап жаткырылган. Бирок алардын көпчүлүгү кызамыкка каршы эмдөө албаган кичинейкей балдар.

Кызылча – жугуштуу оорулардын бири. Эгер адам кызамык менен оорубаса жана эмдөө албаса, кызамык менен ооруган адам менен байланыш түзсө, ооруп калуу ыктымалдуулугу жогору. Кызылча аба аркылуу жугат. Оору денеге кызылдар пайда болуп эмес, суук тийип калуунун белгилеринен башталат: дене табы 38-40 градуска көтөрүлүп, шай кетип, тамакка болгон табит жоголот, кургак жөтөл пайда болот.

Comments are closed.

Марал Радиосу cможет принять любую посещаемость благодаря кешированию WP Super Cache