Шашылыш кабар:

Элчилик Кореяга барган мамкызматкерлер мыйзам бузганын айтты

Октябрь 1st, 2018 | by Бахар Хакимова
Элчилик Кореяга барган мамкызматкерлер мыйзам бузганын айтты
Кыска кабар
0

Кыргызстандын Кореядагы элчилиги өлкөнү эл аралык иш-чараларда тааныта турчу кызматтарга талапкерлерди дыкат тандоону сунуштады.

Мекеменин маалыматында, июнь айында Кореянын борбору Сеулда эл аралык көргөзмө өтүп, ага Кыргызстандан жергиликтүү өндүрүш менен алектенген бир канча компания катышкан.

Анын ичинде Кыргызстандын курорттор ассоциациясы барган. Аталган бирикмени Мирлан Усубалиевдин жетекчилиги астында Элгиз Рысалиев жана Бекжан Мирбеков көрсөтүшү керек болгон.

Бирок ал бирикменин өкүлдөрү Кореядан кайра мекенине кайтып келген эмес. Бул миграциялык мыйзамды бузуу жана корей бийлигинин Кыргызстанга болгон ишенимин азайтат деп айтылат.

Элчиликтин маалыматында, мамлекеттик кызматкердин Кореяга келип, мыйзам бузуусу биринчи жолу катталган жок.

Comments are closed.

Марал Радиосу cможет принять любую посещаемость благодаря кешированию WP Super Cache