Шашылыш кабар:

Бишкекте 2019-жылы кыргыз-америка бизнес форуму өтөт

Октябрь 1st, 2018 | by Бахар Хакимова
Бишкекте 2019-жылы кыргыз-америка бизнес форуму өтөт
Кыска кабар
0

Биринчи вице-премьер-министр Кубатбек Боронов Америка кошмо штатына жумушчу сапарынын алкагында Америка-Кыргыз ишкерлер кеңешинин төрагасы Томас Файерстоун менен жолугушту.

Анда Боронов өкмөттүн экономикалык, салык жана башка тармактардагы жүргүзүлүп жаткан реформалары, коррупция менен күрөшүү жана өлкөдө инвестициялык абалды түзүү тууралуу айтып берди.

Томас Файерстоун Америка-Кыргыз ишкерлер кеңеши 2016-жылы түзүлгөндөн берки ишмердиги тууралуу маалымдап, жакынкы келечектеги пландар боюнча айтты.

Мындан тышкары, «John Deer» жана «Wilson Elser» америкалык компанияларынын өкүлдөрү Кыргызстан менен кызматташууга кызыктарлыгын билдиришти.

Жолугушуунун жыйынтыгында тараптар 2019-жылдын биринчи жарымында Бишкек шаарында Кыргыз-Америка бизнес-форумунун экинчи жыйынын өткөрүү аракеттерин көрүүгө макулдашышты.

Comments are closed.

Марал Радиосу cможет принять любую посещаемость благодаря кешированию WP Super Cache