Шашылыш кабар:

Македониянын аталышы “Түндүк Македония” болуп өзгөрөт

Октябрь 1st, 2018 | by Гүлшайыр Бакирова
Македониянын аталышы “Түндүк Македония” болуп өзгөрөт
Дүйнө кабарлары
0

Македонияда 30-сентябрда өткөн элдик добуш берүү шайлоочулардын катышуусу төмөн болгону себептүү таанылган жок. Өлкөнүн жалпы шайлоочуларынын 1/3ү гана добуш берүүгө келишкен. Алардын дээрлик баары өлкөнүн аталышын өзгөртүүнү колдоп добуш бергени менен саны белгиленген чекке жетпей калды. Бул тууралуу Македониянын Борбордук шайлоо комиссиясынын төрагасы Оливер Деркоски Reuters маалымат агенттигине билдирди.

Референдум Македониянын парламентинин сунушу менен өткөн болчу. Бирок бул добуш берүү кеңешүү мүнөзүндө гана болуп, парламенттин чечим кабыл алуусуна гана жардам бермек.

Өлкө башчысы Зоран Заевдин билдиришинче,  референдумдун мындай жыйынтыгына карабастан, өлкөнү “Түндүк Македония” деп атоо демилгеси ишке аша бермекчи.

Кошумчалай кетсек, өлкөнүн аталышын өзгөртүү демилгеси коңшу Греция менен болгон келишпестиктерден улам чыккан. Ал жактагы тарыхый Македония шаарынын аталышын алганы ортодогу мамилеге да терс таасирин тийгизип келет. Македониянын Евробиримдик менен НАТОго кирүү арызын кабыл албай, блок кылган дал ушул Греция болгон. Эми “Түндүк Македония” болуп, аталган альянстарга кире алмакчы.

Comments are closed.

Марал Радиосу cможет принять любую посещаемость благодаря кешированию WP Super Cache