Шашылыш кабар:

АКШ Мексика жана Канада менен жаңыдан мамиле түзөт

Октябрь 1st, 2018 | by Гүлшайыр Бакирова
АКШ Мексика жана Канада менен жаңыдан мамиле түзөт
Дүйнө кабарлары
0

АКШ эми Канада жана Мексика менен жаңы экономикалык кызматташтыгын баштайт. Бул тууралуу Рейтерс агенттиги жазып чыкты.

Америка президенти 30-сентябрь күнү Канаданын өлкө башчысы Жастин Трудо менен эки тараптуу сүйлөшүүлөрдү жургүздү. Анда эки өлкөнүн жана үчүнчү болуп, Мексика катыша турган үчилтиктин ортосунда ишке ашуучу жаңы долбоорлор тууралуу сүйлөшүштү.

Жолугушуу тууралуу Канаданын премьер-министри Трудо: “Бүгүн Канада үчүн абдан жакшы күн болду”,-деген пикирин айтты. Ал эми Вашингтон тарап бул тууралуу үн ката элек.

Буга чейин эле  Түндүк Американын бул үч өлкөсүнүн башын бириктирген  экономикалык уюм НАФТА бар болчу. Бирок бул уюмдагы келишимдер АКШ үчүн пайдасыз экенин айткан Трамп президенттик кызматка киришээри менен НАФТАдан баш тарта баштаган. Анын ордуна тең пайдага негизделген жаңы келишимдерди түзүү тууралуу август айында Мексика менен сүйлөшкөндө, алар Канаданын да кошулуусу шарты менен гана макул болорун айткан. Ал эми Канада менен эң жакынкы аралыкта сүйлөшөрүн Трамп билдирген болчу.

Өткөн аптада Нью-Йорк шаарында өткөн БУУнун Башкы Ассамблеясынын жыйынындагы сөзүндө да АКШ президенти кээ бир өлкөлөр менен болгон мамилелерди кайра карап чыгаарын кыйытып өткөн болчу.

Эми бул үч өлкөнүн ортосундагы экономикалык келишимдерге ноябрь айында кол коюлаары күтүлүүдө. Санкция саясатында тажрыйбалуу Трамп эгер Канада келишимдерде ката кетирип же бузууга жол берсе, алардын автоунааларына каршы салык төлөмүн жогорулатаарын эскертти.

Себеби Канада АКШга көлөмдүү сут азыктарынан сырткары автоунааларды да экспорттойт. Бул үч өлкөнүн ортосундагы сооданын жылдык көлөмү 1 триллион доллардан ашат.

 

Comments are closed.

Марал Радиосу cможет принять любую посещаемость благодаря кешированию WP Super Cache