Шашылыш кабар:

Апендицит операциясыз эле айыгат

Октябрь 1st, 2018 | by Гүлшайыр Бакирова
Апендицит операциясыз эле  айыгат
Дүйнө кабарлары
0

 

Финландиянын Турку университетинин окмуштуулары аппендицитти операция кылбастан эле антибиотик менен дарыласа болорун далилдешти. Бул тууралуу Би-Би-Си жазып чыкты.

Дээрлик жүз жылдан бери аппендицитке бычакты бекер эле колдонуп келдик. Буга чейин деле антибиотик колдонуу пикирлери учурачу, бирок ишенимдүү далил болбогон үчүн мындай тобокелдикке эч ким бара алчу эмес”,-дешет илимпоздор.

Университеттин изилдөөчүлөр тобу 5 жыл бою операция кылуу сунушталган 300 бейтапка антибиотикти колдонуп, байкоо жүргүзүштү. Алгачкы үч күнү ооруканада вена кан тамырына антибиотик сайып, андан кийин үйдөн эле таблетка түрүндөгүсүн ичиришкен. Жыйынтыгында, бейтаптардын 2/3 бөлүгү же 200дөн ашуун оорулуу айыгып кеткен. Калгандары аппендицит  өтүшүп кеткен даражада болгон үчүн операция жолу менен алынып салынган. Бирок антибиотик колдонгону үчүн операция жеңил болуп, абдан жакшы натыйжаларды берген.

Демек оорунун баштапкы учурунда созсүз түрдө антибиотик менен дарылоо керек. Бул ооругандардын баарын айыктырбаса да, көпчүлүгүнүн ашыкча эле бычакталышынан сактап калат. Операция керек болгондорго да чоң жардамын тийгизет”,-деген корутундуга келишти илимпоздор.

 

Comments are closed.

Марал Радиосу cможет принять любую посещаемость благодаря кешированию WP Super Cache