Шашылыш кабар:

Кыргызстандык балбандар эл аралык мелдеште 1-орунду камсыздады

Октябрь 1st, 2018 | by Талгат Мураталиев
Кыргызстандык балбандар эл аралык мелдеште 1-орунду камсыздады
Кыска кабар
0

29-30-сентябрь күндөрү Орусиянын Бердск шаарында грек-рим күрөшү боюнча эл аралык мелдеш өттү. Мелдешке катышкан кыргызстандык балбандар 8 медаль утуп алышты. Бул тууралуу Күрөш федерациясынан билдиришти.

Маалыматка ылайык, мелдештин жыйынтыгында 55 килограмм салмак ченинде Жоламан Шаршенбеков жана 77 килограмм салмак ченинде Кайрат Түгөлбаев алтын медаль тагынышты. Балбай Дордоков 55 килограмм, Рустам Тейишов 60 килограмм, Тынарбек Шаршенбеков 63 килограмм жана Руслан Царев 72 килограмм салмак ченинде күмүш медалдарды тагынышты. Ал эми Калидин Асыкеев 87 килограмм, Бексултан Махмудов 97 килограмм салмакта коло медалдардын ээси болду.

Муну менен Кыргыз курама командасы жалпы медалдык эсепте 1-орунду ээледи.

Бул мелдештин жыйынтыгы менен Венгриянын Будапешт шаарында 20-22-октябрь аралыгында өтүүчү грек-рим күрөшү боюнча Дүйнө чемпиондугуна Кыргыз курама командасы түзүлөт.

Comments are closed.

Марал Радиосу cможет принять любую посещаемость благодаря кешированию WP Super Cache