Шашылыш кабар:

Түркия Германия менен мамилесин оңдоону каалайт

Октябрь 1st, 2018 | by Гүлшайыр Бакирова
Түркия Германия менен мамилесин оңдоону каалайт
Дүйнө кабарлары
0

30-сентябрь күнү Түркия президенти Режеп Тайип Эрдогандын Германияга болгон иш сапары аяктады. Соңку жылдары солгундап кеткен эки өлкөнүн мамилесин чыңдоо максатында, Эрдоган сапарынын аягында Көлн шаарындагы жаңы мечиттин ачылыш аземине катышты. Бул тууралуу Евроньюс айтып чыкты.

Эрдоган башка Европа өлкөлөрү менен бирге Германияны террористтерди колдоп жатат деп айыптап, мындан улам ортодогу мамиле муздаган. Аталган сапарда лидерлер эки жолу жолугуп сүйлөшүштү. Анда, Сириядагы саясий кырдаал, Түркиядагы качкындар маселеси жана Түркиянын Евробиримдикке кирүү талабы талкууланды. Германия канцлери өз сөзүндө Эрдогандан Түркияда жана аймакта адам укуктарына дыкат мамиле кылуусун талап кылды. Бул шарттар аткарылганда эки өлкөнүн мамилелери ордуна келээрин кошумчалады.

Твиттердеги баракчасында Эрдоган, өзү террорист деп атаган Фетхуллах Гүлендин тарапташтарын эскерип, Түркия менен Германиянын ортосундагы мамиленин солгундашына аларды күнөөлөдү.

Мен эч качан алардын эки өлкөнүн ортосун бузуусуна жол бербейм. Биздин жарандар кайда болсо дагы, аларды коргоо менин милдетим. Эки мамлекеттин ортосундагы “оорулуу” заман артта калды деп ойлойм”,- деди Эрдоган.

Эскерте кетсек, Германияда 3 миллиондой түркиялыктар жашайт. Дин аалымы Фетхулла Гүленге тиешеси бар делген билим берүү мекемелерин жана Түркиядагы саясий кысымдан улам Германияга баш калкалаган түрктөрдү немец бийлиги колдоого алып, аларды өткөрүп берүү талаптарына каршы жооп берген. Мындан улам, Эрдоган Германияны “террористтерди коргогон террорист” деп атаган. Ал эми БУУ баш болгон эл аралык уюмдар Эрдогандын бул кадамдарын адам укугун тепсөө, диктаторлук катары сыпатташкан.

Comments are closed.

Марал Радиосу cможет принять любую посещаемость благодаря кешированию WP Super Cache