Шашылыш кабар:

Акинфеев Орусия курама командасынан кетет

Октябрь 1st, 2018 | by Гүлшайыр Бакирова
Акинфеев Орусия курама командасынан кетет
Спорт
0

Футбол боюнча Орусия курамасынын дарбазачысы Игорь Акинфеев улуттук курама командадан кетет. Бул тууралуу футболчу ЦСКАнын сайтынан билдирди.

Ар бир тарыхтын башы, анан аягы болот. Ошол сыяктуу менин дагы улуттук курамадагы 15 жылдык карьерам аяктап жатат. Бул мыйзам ченемдүү көрүнүш. Өткөн жылдар ичинде орус курамасы үчүн ар бир оюнчу сыяктуу эле колумдан келишинче эмгектендим”,-дейт Акинфеев билдирүүсүндө.

Игорь Акинфеев 2003-жылдан бери Орусия курама командасынын дарбазасын коргойт. Алгачкы жолу Европа чемпионатында Швейцарияга каршы ойногон. Андан бери улуттук курама менен 111 жолу оюн талаасына чыгып, Орус футбол тарыхында оюн саны боюнча Сергей Игнашевичтен(127) кийинки эле экинчи орунду көрсөттү.

Ал Евро 2004, 2008, 2012 жана Дүйнө Чемпионаты 2014, 2018дерде кураманын ичине кирди. Акыркы оюну 2018-жылы Орусияда өткөн дүйнө биринчилигинде чейрек финалга чейин жетип, чемпион Хорватияга пенальти сериясында утулуп калгандагысы болду.

Comments are closed.

Марал Радиосу cможет принять любую посещаемость благодаря кешированию WP Super Cache