Шашылыш кабар:

Инфекциялык оорукана: Жаңы имарат курулса орун жетишсиздиги жоюлат

Октябрь 1st, 2018 | by Бурулай Шергазиева
Инфекциялык оорукана: Жаңы имарат курулса орун жетишсиздиги жоюлат
Ден соолук
0

Республикалык инфекциялык ооруканага кайрылган бейтаптардын саны кескин көбөйдү. Мындан улам ооруканадагы кезек күтүү көйгөйүн, орундардын жетишсиздигин чечүү маселеси кандай каралып жатат, жетекчиликтен сурап көрдүк.


Республикалык клиникалык жугуштуу оорулар ооруканасына кайрылгандардын саны көбөйүп, көп убакытка чейин жаш балдар дене табы көтөрүлгөн абалда кезек күтүп жатканын жарандар жазып чыгышкан. Мындан улам биз ооруканага барып кайрылганыбызда чындыгында 30-сентябрда бейтаптардын саны көп болгондугун оорукананын башкы дарыгери Гүлжигит Алиев билдирди. Анын айтымында, мындай абал жыл сайын ушул убакта кайталанып турат. Бул сезонго байланыштуу.

Ал берген маалыматка ылайык, 30-сентябрда келген бейтаптардын саны 283 кишини түзүп, 115 оорулуу жаткырылган. Алардын 101и жаш балдар. Ал эми кезек күтүп туруп калуу боюнча маселени төмөндөгүчө тушүндүрдү.

Кезек күтүп көпкө туруп калдык деп жатышпайбы, бир убакта 10-15 киши кайрлып калышы мүмкүн. Ошол учурда ушундай абалдар болуп калат. Жылдан-жылга биздин ооруканага кайрылгандардын саны көбөйүүдө. Мындан 10 жыл мурда 20-30 миң болсо, өткөн жылы 83 миңге жеткен.

Дарыгерлердин айтымында, бир бейтапты кароого нөмөөттөгү дарыгердин 10 мүнөттөн жарым саатка чейинки убактысы кетет. Ал бейтаптын абалына жараша болот. Эртең мененки убакыттан түшкү саат 12 ге чейин 15 бейтапты тейлеген кабыл алуу бөлүмүнүн башчысы Асел Балабасованын айтымында, келген бейтаптарды 7 дарыгер карап жатат.

-Күндө 200-400гө чейин бейтап карашыбыз мүмкүн. Күндүз 7 дарыгер иштейт. Алар кириши менен оорусуна жараша бөлмөлөргө бөлүнөт.

Кезек күтүү бейтаптардын жашына карап эмес, оорусуна жараша бөлүнөт. Сасык тумоо өзүнчө, кызамык өзүнчө, ичеги-карын оорулары өзүнчө. Айрым оорулуулар абалына жараша кезексиз кабыл алынат. Алардын катарында тез жардам кызматы менен келген бейтаптар да кезексиз кабыл алынышы керек.

-Бизде жалаң шашылыш түрдө келген бейтаптар. 4 дарыгер караса да, бир учурда 10 киши келсе алтоо кезекке туруп калат. Бирок анын ичинен биз дене табына жараша, абалына жараша айрым бейтаптарды кезексиз кабыл алабыз. Ошондой учурда түшүнбөстүктөр болуп калышы мүмкүн.

Бирок эми жакынкы убактарда ооруканадагы кезек күтүү, орун жетишпей коридорлорго жаткырылган учурларды чечүү жолу жүрүп жатканын, оорукананын башкы директору Гүлжигит Алиев билдирди.  Анын айтымында учурда оорукананын аймагына жаңы имарат куруу боюнча сүйлөшүүлөр жүрүүдө.

Бул маселени чечүү үчүн министрлик тарабынан иш-чаралар журүп жатат. Алдын ала маалыматтар боюнча, жаңы имаратты куруу тууралуу Корея менен сүйлөшүүлөр жүрүп жатат. Эгерде ал сүйлөшүүлөр ишке ашса, азыркы кезек күтүү, орун жетишсиздиги сыяктуу көйгөлөр чечилмек.

Маалыматка ылайк, 10 жыл мурда Республикалык клиникалык жугуштуу оорулар ооруканасына кайрылгандардын саны 20-30 миң болсо, өткөн жылы 83 миңге жеткен.

 

Comments are closed.

Марал Радиосу cможет принять любую посещаемость благодаря кешированию WP Super Cache