Шашылыш кабар:

Бүгүн базар баасы кандай?

Октябрь 1st, 2018 | by Бурулай Шергазиева
Бүгүн базар баасы кандай?
Экономика
0

Быйыл түшүм мол болуп базардагы жашылча жемиштердин баасы төмөн. Анын үстүнө учурда жергиликтүү дыйкандар да түшүмүн чогултуп, бышыкчылык мезгили болгондуктан баалар кескин арзандаган. Биз да базардагы жашылча-жемиштердин түрүнө жараша бааларын билип көрдүк.


Быйыл түшүм мол болуп жашылча-жемишке болгон баалар төмөн. Айрыкча учурда жергиликтүү дыйкандар түшүм жыйнаган учуру болгондуктан, баалар канааттандыраарлык. Мисалы, помидорлордун баасы түрүнө жараша бааланат. Сатуучу Гүлнара айымдын айтымында, алар 8 сомдон 20 сомго чейин болууда.

Биздин өзүбүздүн түшүмдөр жыйналып жаткандыктан баалар арзан. Помидорлор сортуна жараша бөлүнөт. Майдалары 8 сомдон, ортолору 13-15 сом, эң чоңдору 20 сомго чейин. Балгар калемпирлери 20 сомдон, дүңүнөн 15 сомдон сатылат. Ал эми бадыраң азыр азайып калды. Баалары 20 сом, күнөсканада өскөндөрдү 25 сомдон сатабыз.

Ал эми сатуучу Нурия айымдын айтымында, түшүм жакшы болгону менен соода аз, баалар болсо төмөн болууда. Учурда ал Казакстандын сабиздерин 13 сомдон алып, 15 сомдон сатып жатат.

Түшүм жакшы, бирок соода аз. Казакстандын сабиздерин 13 сомдон алып, 15 сомдон сатабыз. Жуулган сабиздерди көп сакталбагандыгы үчүн арзан сатабыз. Баклажандар 15-20 сомдон.

Ал эми картошканы дыйкандар 7-8 сомдон сатса, алып саткандар 10 сомго чейин сатып жатышат.

-Картошка азыр 10-11 сомдон. Дыйкандардан 7-8 сомго алабыз. Кочкордун, Тоңдун, Ат-Башынын картошкалары кымбат. Бирок товардын көрүнүшүнө жараша бааланат. Эң жакшылары 10-11 сомго чейин бар.

Дарбыздын килограммы болсо 6 сомдон сатылууда. Алып саткандар Казакстандын коондоруна суроо-талап көп дешет. Ал эми дарбыздар жергиликтүү дыйкандардыкы.

Жылдагыдай эле баалар жакшы. Коондор Казакстандыкы. Дарбыздар Чүйдүкү. Дарбыздын килограммы 6 сомдон, коондор 25 сомдон.

Быйыл алмуруттар да аз экендигин сатуучу Камчыбек мырза белгилейт. Анын айтымында алмалардын баасы болсо мурдагыдай эле. Сортуна жараша 35 сомдон-50 сомго чейин сатылууда.

-Алма сортуна жараша 35-50 сом, банан 80 сомдон сатылууда. Кишмиштер 50 сом болсо, алмуруттар быйыл аз. 45 сомдон сатып жатабыз. Багбандар быйыл алмуруттар ооруп, аз болду деп жатышат.

Алып сатарлардын айтымында быйыл жашылча жемиш сыртка экспорттолбогондуктан, баасы төмөн болуп жатат.

 

Comments are closed.

Марал Радиосу cможет принять любую посещаемость благодаря кешированию WP Super Cache