Шашылыш кабар:

Өлкөдө фейсбук колдонуучулардын канчасы фейк экендиги айтылды

Октябрь 1st, 2018 | by Анара Бакытбекова
Өлкөдө фейсбук колдонуучулардын канчасы фейк экендиги айтылды
Коом
0

Кыргызстанда соңку 2-3 жылда интернетте фейк аккаунттар беш-алты эсеге көбөйгөн. Алар Facebook социалдык тармагын негизги платформа кылып,  аны колдонуучулардын 20 пайызын түзөт. Мындай статистиканы “FactСheck KG” чыгарууда. Алардын иликтөөсүнө ылайык, шектүү аккаунттар көбүнчөсү саясий нукта жалган жаңылык таратышат.


Кыргызстанда интернет айдыңында тараган маалыматтардын, журналисттер жазып жаткан кабар-баяндардын чын-төгүнүн аныктоого багытталган  factcheck.kg сайты  иштеп келет.

Аталган сайт интернеттеги социалдык тармактарга катталган фейк аккаунттарды иликтөөгө алган. Алдын ала маалыматтарга ылайык, акыркы 3 жылда фейк аккаунттар беш-алты эсеге көбөйгөн. Бул тууралуу “FactСheck KG” ресурсунун журналисти Наргиза Нанакеева кабарлады. Анын айтымында, Кыргызстандан фейсбук тармагына катталган колдонуучулардын 20 пайызы фейк.

-Кыргызстанда соңку 2-3 жылда интернетте социалдык тармактарды колдонгон фейктердин саны өстү. Азыркы күндө фейсбук колдонуучулардын 20 пайызын жасалма аккаунттар түзөт. Өлкөдө Вконтакте тартмагы да белгилүү ресурс, анда көбүнчө сыртта жүргөн кыргыз мигранттар отурат. Бишкекте жашагандар фейсбукту колдонушат. Ошол эле учурда фейсбуктагы фейк аккаунттар абдан активдүү. Мындан тышкары, Одноклассники тармагында дагы жасалма аккаунттар бар.

Нанакеева кошумчалагандай, фейк аккаунттарды ооздуктоо жана аларга чара көрүүгө болот. Эгерде социалдык тармактарда жалган маалыматтарды тараткандар боюнча “FactСheck KG” сайтына кайрылса, ошол аккаунттун колдонуучусун билип бере алат.

Журналист жана социолог Болот Темиров коомдук желедеги жана басылмалардагы жалган маалыматтар менен күрөшүү үчүн буга чейин фейсбукта Kyrgyz Fake барагын ачкан. Анын айтымында, фейк аккаунттардын артында өз иш аракеттери үчүн жоопкерчилик алгысы келбеген адамдар жашынып отурушат.

-Жазаланбаган кандай гана кылмыш болбосун ал башка бир кылмышка түрткү болот. Фейктер жана фейк аккаунттар, тайпалар — булар дал ошол өз иш-аракеттери үчүн жаза албай калгысы келген адамдар.

Жасалма аккаунттар аркылуу ушак деңгээлиндеги жалган маалыматтарды таркатуу Кыргызстанда эле эмес дүйнөдө кулачын кеңири жайган. Фейктерди ооздуктоо азыр дүйнөлүк алкакта социалдык тармактардын, анын ичинде «Фейсбуктун» негиздөөчүлөрүнүн да баш оорусуна айланып турган чак. Адистер социалдык тармактар аркылуу тараган жалган, далилденбеген маалыматтарга айрыкча жаштар көп кызыгарын белгилешет.

Бишкектеги жогорку окуу жайлардын биринин студенти Айпери Абдуллаева маалыматтардын чын-төгүнүн иргебей кабыл алган жаштардын катарына кошулбаганга аракет кылат.

-Жасалма аккаунттарды фейсбуктан көп көрөм. Аларда аты кыскача болуп, жаратылыштын сүрөттөрүн коюп алышат. Бир эле адамды жамандап же бирөөнү дайыма эле мактап отурушат. Таркаткан маалыматтарын окусам да ишенбөөгө аракет кылам. Башка маалымат булактарынан издеп окуганга далалаттанам. Көбүнчө ушактарга жаштар ишенип кетет. 

Жогорку Кеңештин депутаты Улан Примов ар кандай фейк аккаунттар тарабынан чагымчыл, бирөөнү каралоо, мазактоо же адамдын беделине шек келтирген учурлар көбөйүп баратат дейт. Анткени мыйзамдын деңгээлинде жоопкерчилик тартуу каралган эмес, ошондуктан бул жаатта мыйзамды күчөтүү учурдун талабы экенин эл өкүлү кошумчалайт.

-Эгерде биз бул маселеге көз жумуп, карабай турган болсок, анда аягы жакшы нерсе менен бүтпөйт. Тилекке каршы, эл  туура эмес, жалган маалыматка көңүл буруп кетүүдө.

Жапониядагы саясат таануучу Даниел Кадырбеков фейктер шайлоо мезгилинде саясий күрөш үчүн чоң куралы болуп бере алат деген ойдо.

-Билинбегени менен жасалма аккаунттар өтө кооптуу. Маселен, АКШда президенттик шайлоо учурунда фейктер шайлоонун жыйынтыгына өздөрүнүн таасирин берген. Кыргызстанда таратылган жалган маалыматтарды укук окргоо органдары убагында чын-төгүнүн аныктап турушу керек. Ошондо фейктердин ишине бөгөт коюлат. 

Жергиликтүү фонддордун иликтөөсүнө караганда, Кыргызстанда социалдык тармактагы активдүү колдонуучулардын саны 500 миңге жеткен. Анын 50% же жарымы Фейсбук социалдык тармагында активдүү. «Фейсбукта» катталган баракчалардын алдынын аудиториясы 25 миңден жогору экени белгилүү болгон. Экинчи орунда «Инстаграм», анан «Одноклассники»тармагы турат.

Comments are closed.

Марал Радиосу cможет принять любую посещаемость благодаря кешированию WP Super Cache