Шашылыш кабар:

«Ачык асман саясаты» авиация коопсуздугун камсыздайбы?

Октябрь 1st, 2018 | by Анара Бакытбекова
«Ачык асман саясаты» авиация коопсуздугун камсыздайбы?
Коом
0

30-сентябрда таңкы саат 8:30да Ош-Москва аба каттамы менен уча турган Boeing 737 үлгүсүндөгү учактын алдыңкы шассисиндеги дөңгөлөк жарылып, учак токтотулган.  Бул жагдайды атайын комиссия иликтемей болду. Буга чейин да AviaTraffic компаниясынын учактары каттамын токтотууга мажбур болгон окуялар катталган.


30-сентябрда саат тогуздар чамасында AviaTraffic компаниясынын Ош — Москва каттамы менен бара жаткан учагынын учуу тилкесинен дөңгөлөгү жарылган. Мындан улам каттам убактылуу токтотулган. Катталган жагдайдан тогуз сааттан кийин учак Москва шаарына учуп кеткен. Бул тууралуу Жарандык авиация агенттигинин директору Курманбек Акышев билдирди. Анын айтымында, бүгүнкү күндө учактын абалы боюнча агенттик комиссия түзүп, иликтөөгө алды. Эгерде компания күнөөлүү болсо жоопкерчиликке тартылат.

-Азыр түзүлгөн комиссия тарабынан иликтөө жүрүп жатат. Жыйынтыгы чыгарылып, керектүү органдарга берилет. Биз жактан тейлөө кызматын текшерүү, сертификатты берүүнү, учакты оңдоодогу бардык регламентти аткарууну инспектор кароодо. Талаптарды күчөтүп жатабыз. Аэропортто биздин агенттиктин офиси ачылып, башка да учактар текшерилүүдө.

Ош-Москва каттамын жүргүзгөн “Авиа трафик” компаниясынын жетекчиси Алик Аскаровдун айтымында, кырсыктаган учак үч ай мурун эле техникалык кароодон өткөрүлгөн.

Жөн эле учактын дөңгөлөгү жарылып калды, башка эч нерсе болгон жок. Жүргүнчүлөргө убагында жардам берилди. Азыр комиссия иштеп жатат. Бизде учак жетпей жатат. Учак менен толук камсыздоо мамлекеттин милдети. Мамлекет компанияларга жардам бериш керек. Авиациялык тармакта бизден башка эч ким калган жок.  “Ачык асман” саясаты ишке ашса Кыргызстан өнүгүп-өсүп кетет» деп жатышат. Макул, ишке ашырышсын, жаңы жылдан тартып биз дагы токтотобуз. Андан кийин Баткенге, Жалал-Абадга ким учат? Келип орустар же казактар учуп бермек беле?

Адисттер Кыргызстандагы учактардын техникалык коопсуздугу кооптуу экенин белгилешет. Анткени өлкөдөгү учактарга орточо 27-28 жыл болгон. Мындан улам Жогорку Кеңештин депутаттары аба кодексине өзгөртүү киргизүүдө. Ага ылайык, «Ачык асман саясаты» жарыяланат. Анда билеттердин баасы түшүп, жүргүнчүлөрдүн коопсуздугун сактоо маселеси каралаарын эл өкүлү Абдывахап Нурбаев айтты.

-Ата мекендик авиакомпаниялар жаңы учак алууга мүмкүнчүлүгү жок. Ал эми сыртка рейстер Кыргызстандан түз эмес, башка мамлекеттер аркылуу  учуп жатат. Мисалы, жарандарыбыз АКШ, Европа, Корея жана башка өлкөлөргө Москва, Алмата жана Түркия аркылуу учуп жатат. Бул өтө көп ыңгайсыздыкты пайда кылууда. Ошондуктан депутаттар тобу аба кодексине өзгөртүү киргизип жатат. Мыйзам долбоору тармактык комитеттен биринчи окуудан өттү. Сунушка өкмөт дагы макул болуп жатат. Ал жактан токтомду күтүүдөбүз.

Мыйзамда учактардын коопсуздугун сактоодо компаниялардын жоопкерчиликтери так жазылган. Маселе ошол талаптарды көзөмөлдөгөн жумуш кандай аткарылып жатканда экенин ЖИА бизнес ассоциациясынын төрагасы Темир Ажыкулов айтты.

-Учак бул жөн эле жүргүнчү ташыган техника эмес. Ошондуктан анын техникалык коопсуздугун текшерген жак олуттуу мамиле кылышы керек. Бизде ансыз деле  каттаганга учактар жок. Болгону ушул эле учактарыбыз бар, аларды да жоготуп албайлы деген мамиле болуп жатат. Техникада кырсык болот, бирок анын дагы себептерин кароо зарыл. Акыркы убактарда кырсыктардын баары эле болбогон эле нерседен чыгууда. Ошондуктан иликтеп, жыйынтыгын чыгарышсын.

Эске салсак, буга чейин дагы AviaTraffic компаниясынын учактары каттамын токтотууга мажбур болгон окуялар катталган. Биринчи окуя  үстүбүздөгү жылдын 29-июлунда, экинчиси 5-августта болгон. Экөөндө тең учактар абага көтөрүлгөндөн кийин кайра кайтып келишкен.

 

 

 

Comments are closed.

Марал Радиосу cможет принять любую посещаемость благодаря кешированию WP Super Cache