Шашылыш кабар:

Адам укуктары боюнча Кыргызстанда 70 күндүк акция башталды

Октябрь 1st, 2018 | by Чолпон Бейшелең кызы
Адам укуктары боюнча  Кыргызстанда 70 күндүк акция башталды
Коом
0

Бириккен улуттар уюмунун адам укуктары боюнча декларациясынын кабыл алынганына быйыл 70 жыл  толот. Анын алкагында Кыргызстанда 1-октябрдан баштап  70 күндүк акция башталды.

Кыргызстанда 1-октябрдан тарта адам укуктары массалык түрдө айтылат. Ал Бириккен улуттар уюмунун адам укуктары боюнча кабыл алынган декларациянын 70 жылдыгына арналды. Акция 10-декабрга чейин уланат.

Бул дата бүткүл дүйнө үчүн  өзгөчө күн экенин БУУнун Кыргызстан боюнча координатору Озонниа Ожиело  белгилеп жатат. Анткени адамдын эң жөнөкөй жашоосу үчүн маанилүү.

Бүгүн биз сиздердин көңүлүңүздөрдү адам укуктары боюнча декларациянын мааракелик датасына бургум келет. Бул декларациянын ополтоодой маани-маңызы бар. Эң жөнөкөй адам баласынын татыктуу жашоосу үчүн керек.  Ошондуктан 70 жылдык баарыбыз үчүн өзгөчө.

70 жыл бул аз убакыт эмес. Бирок канча жыл өтсө дагы, өз актулдуулугун жогото элек. Кыргызстандын баш мыйзамын ачып карасыңыз дагы  ал жакта  адам укуктары боюнча бүткүл дүйнөлүк нормаларды табууга болот. Ошонусу менен декларация адамдардын башын бириктирүүдө.

Ал эми Кыргыз Республикасынын адам укуктары боюнча координациялык кеңешинин төрагасынын биринчи орун басары Данияр Эркинбаев дал ушул декларациянын нормалары кирген тармактарды атап берди. Ал биринчи кезекте сот системасында камтылган. Сот тармагында жасалган реформага Бириккен улуттар уюмунун колдоосу чоң деди, ал.

Бириккен Улуттар уюмунун жогорку комиссариатын Кыргызстан негизги өнөктөш катары билет. Өлкөдө демократиялык институттардын жана жарандык коомдордун өнүгүсүнө салымы чоң. Техникалык колдоо, эксперттердин консультациялары көп болду. Ошонун натыйжасында сот системасында реформалар жасалды. Мыйзам долбоорлордун пакеттери иштелип чыкты.

Баш мыйзамга «Адам укуктарын сактайбыз!!!»  дегенибиз менен бүгүнкү күнү жарандардын укуктары  корголбой эле келе жатат.  Өзгөчө эмгек укуктары. Эл  аралык Эмгек  уюмун маалыматына таянсак, бүгүнкү күнү Кыргызстанда жумушка жарамдуу деген жарандардын 70 пайызы жеке секторлордо иштешет. Алардын дээрлик 80 пайызга жакыны көмүскөдө каражат тапкандар. Бирок ошол эле кезде өз укуктарын билбей, шылуундардын колуна түшүп калып жатканын аталган уюмдун Кыргызстандагы өкүлчүлүгүнү башчысы  Болот  Ороков айтууда.

Формалдуу эмес сектордо иштеп жаткандан кийин, алар өкмөттүк органдарга көрүнбөйт деле. Дээрлик баардыгы социалдык фондго төлөшпөйт. Социалдык коргоодон абдан алыс. Ошондуктан бул жерлерде мыйзам бузуулар абдан көп. Анткени элибиздин көпчүлүгү өз укуктарын билбей жатышат. Өзгөчө жаштардын арасында .

Бул багытта бир гана кагаз бетинде эмес, өкмөт жоопкерчиликти өзүнө чогу алса дешет адистер.

Эми 70 күн аралыгында адам укуктары тууралуу элге кенен маалыматтар берилип турмакчы.

Comments are closed.

Марал Радиосу cможет принять любую посещаемость благодаря кешированию WP Super Cache