Шашылыш кабар:

Атайын кызматка тагылган айыптар

Октябрь 1st, 2018 | by Бакыт Төрөгелди уулу
Атайын кызматка тагылган айыптар
Саясат
0

Улуттук коопсуздук боюнча мамлекеттик комитетинин ыйгарым укуктары кайрадан талкууга түштү. Айрымдар Атайын кызмат өлкөнүн коопсуздугун камсыздоону жыйыштырып коюп эле саясий буйруктарды аткарып, бизнес текшерүү менен алек болуп калды деп айыптап жатат.

«Коомдук анализдөө институтунун» жетекчиси, жарандык активист Рита Карасартова Улуттук коопсуздук комитетин «өлкөнүн коопсуздугун камсыз кылбайт» деп сындады. Ал буга 2010-жылдагы апрель жана июнь окуяларын мисалга алууда. «Анткени ошол учурда Атайын кызмат ыкчам иштесе адам өмүрүн алган кырсыктар болбойт эле», — деп жатат. Карасартова 2010-2016-жылдары УКМКнын укуругу болуп көрбөгөндөй узарып, учурда ал бардык бийлик бутагын мыкчып отурганын мындайча негиздеди.

— Конституцияга туура келбесе дагы УКМКнын алдына Коррупция менен күрөшүү кызматын түзүп коюшкан. Коопсуздук кызматы болсо жарандардын коопсуздугун ойлобостон бизнеске кийлигишип акча өндүрүүнүн жолун таап алышкан. 2016-жылы Конституцияга өзгөртүү киргизилип жатканда бардык мыйзам бузуулардын баарын тергөөнү УКМКга берип салышты. Ошону менен бүт бийлик бутактары коопсуздук кызматынын алдында. Алар парламент депутатына, сотторго дагы кылмыш ишин козгоп койгонго мүмкүнчүлүгү бар. Ошондуктан ооз ачпай УКМК эмне десе алардын сөзү менен иштеп отурушат.

Улуттук коопсуздук боюнча мамлекеттик комитеттин аты саясатчыларды кармоодо, коррупциялык иштердин бетин ачууда көп аталат. Айрыкча акыркы жылдары «Атайын кызмат жазалоочу органга айланып калды» деген сын-дооматтар байма-бай айтылууда. Жогорку Кеңештин мурдагы депутаты Улукбек Кочкоров УКМК мамлекеттин коопсуздугун камсыздоо деген шылтоону бетине кармап алып бийликтин саясий буйруктарын аткарган учурлар бар экенин четке какпайт.

— Ар кандай саясий иштерге кийлигишкени туура эмес. Мамлекеттин конституциялык түзүлүшүн сактоо деген шылтоо менен бийлик саясий атаандаштарынын мизин кайтарып, аларга каршы иштерди уюштуруу буга чейин болуп келген. Бул туура эмес. Андыктан УКМКны Башкы прокуратура деле учурдагы ыйгарым укуктарынын алкагында көзөмөлгө алса болот.

Июнь айларында депутаттар Исхак Масалиев менен Наталья Никитенко парламентте УКМКнын ишин көзөмөлдөй турган атайын комитет түзүүнү демилгелеп чыгышкан. Ал комитетке Жогорку Кеңештеги алты фракциядан бирден депутат кирет. Демилгечилер комитеттин максаты «Атайын кызматты көзөмөлдөп гана тим болбостон бул органды реформалоого жардам берет» деп ишендиришкен. Юрист, укук коргоочу Нурбек Токтакунов эл өкүлдөрүнүн сунушун колдойт.

— Өзүнчө комитет керек. Анткени биздин коопсуздук органдар такыр эле көзөмөлсүз калып калды. Президент көзөмөл кылат. Бирок анын көзөмөлдөөгө мүмкүнчүлүгү жок. Ошондуктан коопсуздук маселесинин баары Жогорку Кеңештин карамагында болушу керек.

Парламенттеги Эл аралык иштер, коргоо жана коопсуздук, Укук тартиби, кылмыштуулук менен күрөшүү жана коррупцияга каршы аракеттенүү, Конституциялык мыйзамдар, мамлекеттик түзүлүш жана сот-укуктук маселелер боюнча комитеттер УКМКнын ишин көзөмөлдөй алат. Улуттук коопсуздук комитетинин Коррупцияга каршы күрөшүү бөлүмүнүн мурдагы жетекчиси Максат Мамытканов Атайын кызматты тескей турчу органдар ансыз да көп экенин белгилеп, парламентте атайын комитет түзүүгө каршы чыкты.

— УКМКнын болгон ыйгарым укуктарын төмөндөтүп, ИИМ, Жаза аткаруу кызматы жана Коргоо иштери боюнча мамлекеттик комитетке теңеп салган. Ошондой эле азыр УКМКнын үстүнөн көзөмөл аябай эле күчтүү. Мисалы Жогорку Кеңештин, өкмөттүн көзөмөл кылуу укугу бар. Анын үстүнө УКМКнын үстүндө эки чоң башчы бар. Алардин бири президент бирөө премьер-министр. Андыктан Атайын кызмат учурда аябай оор абалда турат. Кимдин буйругун аткарам деп эртең менен бирөөнү, түштөн кийин дагы бирөөнү карайт.

УКМК Кыргызстандагы эң жабык органдардын бири. Ал улуттук коопсуздук жана коррупцияга каршы иш-аракеттерди алып барат. Атайын кызматтын бюджети канча экени дагы коомчулукка ачык жарыяланбайт. Талдоочулар УКМК президенттин тапшырмасы менен иш алып барарын айтышат. Бул кызматты учурда Идрис Кадыркулов жетектейт.

Comments are closed.

Марал Радиосу cможет принять любую посещаемость благодаря кешированию WP Super Cache