Шашылыш кабар:

Ирсалиев: Кийинки жылы пенсияга дагы 3 млрд сом керек

Октябрь 1st, 2018 | by Бакыт Төрөгелди уулу
Ирсалиев: Кийинки жылы пенсияга дагы 3 млрд сом керек
Күн чекит
0

Кыргызстанда 2018-жылдын 1-октябрынан тарта пенсиянын көлөмү жогорулатылды. Тийиштүү чечимге премьер-министр Мухаммедкалый Абылгазиев кол койду. Өкмөт башчы пенсиялардын жогорулатылышы тууралуу президент Сооронбай Жээнбековго дагы маалымат берди.

Жолугушууда президент ардагерлерге жана пенсионерлерге камкордук көрүү — мамлекеттин маанилүү социалдык милдети экенин эске салды. Ошондой эле «алардын турмуш шарттарын жакшыртууга күч аракет жумшоого милдеттүүбүз деди. Пенсиянын жогорулатылышы боюнча кенен маалымат алуу үчүн Социалдык фонддун төрагасы Медер Ирсалиев менен маектештик.

Марал: Учурда пенсиянын орточо көлөмү канча жана ал канча сомго чейин көтөрүлүп жатат? Бир нече мисалдар менен айтсаңыз.

Медер Ирсалиев: 1-октябрдан тарта пенсинерлердин турмуш деңгээлин колдоо максатында пенсионердин жашоо минимум көлөмүнөн төмөн болгон пенсиянын базалык көлөмүн индексациялоо жөнүндө токтом кабыл алынды. Андан тышкары пенсиянын камсыздандыруу бөлүгүнүн көлөмүн индексациялоо жөнүндө токтом дагы кабыл алынды. Пенсионерлердин жашоо минимумунан төмөн болгон пенсия 4393 сом болуп жатат. Ошондон ылдый болгон пенсиялардын базалык бөлүгү 100 сомго көбөйтүлдү. Бул жалпы пенсионерлердин 38 пайызын камтыйт.

Ушул эле категориядагы пенсиянын камсыздандыруу бөлүктөрү көтөрүлдү. Ал 250 сомдон кем эмес болот. Андан тышкары 4394 сомдон өйдө же жашоо минимумунан өйдө болгон пенсияга 370 сомдон кошулуп жатат. Орточо эсеп менен пенсия 378 сомго жогорулатылды. Ал эми пенсиянын орточо өлчөмү 5682 сомду түзүп жатат.

Марал: Пенсияны жогорулатууга кошумча канча каражат бөлүндү жана кийин акча тартыш болуп маселе жаралбайбы?

Медер Ирсалиев: Пенсияга кошумча каралган каражат 744 млн сомду түздү. Бул 2018-жылдын аягына чейинки эле аралык. Ал каражаттын баары тең толугу менен пенсиялык фонддун эсебинен каржыланат. Каражат тартыш болуп калат деген коркунучтан алыс элебиз. Андай коркунуч жок. Бирок 2019-жылдын бюджетине дагы кошумча 3 млрд сомго чукул акча керек болот.

Марал: Кыргызстанда учурда канча киши мамлекеттен пенсия алат? Ошондой эле пенсионерлердин саны өсүп жатабы же төмөндөө барбы?

Медер Ирсалиев: Бүгүнкү күндө 648 миң пенсионер бар. Мунун ичинде ден соолугунан улам, жаш курагы жеткен же багар-көрөрүн жоготкон адамдар болуп үч топко бөлүнүп пенсия алышат. Пенсионерлердин саны жылдан-жылга өсүп баратат. Былтыркы жылга салыштырмалуу быйыл пенсия алгандардын саны 16 миңден 18 миңге чейин көбөйдү. Бирок ага карабастан 2010-жылы 2 миң сомго чейин пенсия алгандар 41 пайыз болсо, бүгүнкү күнү ал 2 пайызга чейин түштү. Болгону 2 пайызы гана 2 миң сомдон пенсия алат. 2 миңден 4 миң сомго чейин пенсия алгандар 52 пайыздан 29 пайызга түштү. 2010-жылы 4 миң сомдон 10 миң сомго чейин пенсия алгандар 6 пайыз болсо, ал бүгүнкү күндө 66, 6 пайыз же 10 эсеге өстү.

Марал: Кыргызстанда пенсияга канча жаштан чыгат жана алардын жашын өйдөлөтүү планы жокпу?

Медер Ирсалиев: Кыргызстанда эркектер 63 жаштан, аялдар 58 жаштан пенсияга чыгышат. Ошол эле убакта пенсияны толук алыш үчүн 20-25 жыл эмгек тажрыйбасы керек болот. Бизде пенсияга чыгуунун жаш курагын көтөрүү боюнча талап коюлган жок. Азырынча ал маселе көтөрүлбөйт.

Comments are closed.

Марал Радиосу cможет принять любую посещаемость благодаря кешированию WP Super Cache