Шашылыш кабар:

Ысык-Көлдө эхинококкоз илдетин алдын алуу иштери

Октябрь 1st, 2018 | by Гулжамал Асанкадырова
Ысык-Көлдө эхинококкоз илдетин алдын алуу иштери
Ден соолук
0

Ысык-Көл облусунда жугуштуу эхинококкоз илдетин алдын алуу иштери жүрүп жатат. Эми илдеттин жугуу жолдорун алдын алуу үчүн, мал союучу жайлар, базардын айланасы тыкыр көзөмөлгө алынат.

Ысык-Көл облусу боюнча өткөн 2017-жылы эхинококкоз жугуштуу оорусу 300дөн ашуун малдан чыккан. Бул жылдын 8 айында мал союучу жайлар аркылуу 170 баш мал жандыктарына илдет жуккандыгы аныкталган. Мындан улам, Каракол шаарындагы лабораториядан ветеринардык, санитардык экспертиза жүргүзүлүп ал өз корутундусун берген. Бүгүнкү күндө аймактын бардык жерлеринде атайын текшерүүчү мекемелер жок болгондуктан, жергиликтүү жашоочулар кайрылышпайт. Андыктан профелактикалык иштер жүргүзүлө баштайт турганын аймактагы ветеринардык жана фитосанитардык коопсуздук боюнча башкармалыктын жетекчиси Бакыт Шарапов билдирди:

-8 айдын ичинде 86 уйдан, 84 койдон эхинококкоз илдети катталып жатат. Бул Каракол шаарындагы эле лабораторияны алганда. Андан башка Тоӊ, Ак-Суу, Түп райондорунун атайын анализ жүгүзүүчү жайы жок. Ошол себептен ал жактан каттоо болбой эле. Бул боюнча иттерди атайын каттоого алганбыз. Долбоор алкагында келген дары- дармектер бекер берилет.

Тагыраак айтканда эхинококкоз илдети биринчи жапайы жырткычтарда чалдыкса, уй, кой топоздор арасында азыраак кездешет. Ал эми анын өпкө боору аркылуу иттерге жугары бышык. Учурда адамга жугуу коркунучун алдын алуу боюнча атайын программалар иштелип чыгып, 300 миӊден ашык  дары-дармектер алынган. Ал  паспорт алган 65 миӊден ашык иттерге берилет. Бирок, адам баласынын саламаттыгы үчүн бул иш аракет да жетиштүү болбогон соӊ, мал союучу жайларын тыкыр көзөмөлдөн өткөрүү зарыл. Себеби, мал союучу жайларда маселе бар экенин облус жетекчисинин орун басары Элмира Үсөнова айтты:

Чындыгында Каракол шаарындагы жеке менчик мал союучу жайлар мындан да жакшы абалда болууну талап кылат. Бирок, ошол эле учурда өтө начар деп да айта албайбыз. Бирок, маселелер бар. Буга чейин аларга тапшырмалар берилген болчу. Эми жакынкы арада кайрадан рейд өткөрүп, кайрадан талап коебуз.

Анткени бул илдет эт аркылуу адамга да жугуу коркунучу бар. Алгач оорунун белгилери так билинбегендигине байланыштуу кийин аныктоо кыйынга турат. Эми кошумча аймактагы базарларда эт сатуучу соода түйүндөргө да көзөмөл жүргүзүлөт. Эгер, коопту абал байкалса тиешелүү чара көрүлөрүн облустук санэпид көзөмөл борборунун башчысы Нуркамил Бектуров кабарлады:

-Негизи бул эхинококкоз оорусу адам баласына жукса бир гана операция жолу менен дарыланат. Ага чейин оорулуу билинбей жүрө берет. Ошол учурда каяктан жугузуп, кандай ооруганы да белгисиз. Эгерде бизге экстремалдык операция болгондугу жөнүндө кабар түшсө ошол маалдан баштап, биздин кызматкерлер көзөмөлгө алат. Кайсыл жактан чыккандыгы очогу изделет. Үй бүлө дагы байкоого алынат. Азыркы тапта эт саткан базарларда ветеринардык адистер бар. Эгерде оорулуу органдар чыгып калса аны өзүнчө бөлүп, атайын чуӊкурларда жок кылынат.

Маалымдай кетсек, үй айбанаттары менен мал жандыктарынан келип чыкчу эхинококкоз илдетинин алдын алуу иштеринин алкагында көчөдө жүргөн жолбун иттер да атылат.

Comments are closed.

Марал Радиосу cможет принять любую посещаемость благодаря кешированию WP Super Cache