Шашылыш кабар:

Моосквада кыргыз мигранттарына түшүндүрүү иштери жүргүзүлүүдө

Октябрь 2nd, 2018 | by Бахар Хакимова
Моосквада кыргыз мигранттарына түшүндүрүү иштери жүргүзүлүүдө
Кыска кабар
0

Кыргызстандын Орусиядагы элчилиги Москва шаарындагы кыргыз жарандарына тийиштүү кафе-ресторандарды кыдырып, түшүндүрүү иштерин жүргүздү. Бул багытта Аксакалдар кеңеши атайын жумушчу топ түзгөн.

29-сентябрда Митинская көчөсүндөгү “Чыгыш түнү” рестораны, Вишневая көчөсүндөгү “”Вишня” ресторан-клубу, Клинская көчөсүндөгү “Браво” кафесинде, 30-сентябрда “Кел-кел” рестораны, “Ангел” клубунда түшүндүрүү иштер жүргүзүлдү.

Жумушчу топтун курамына ИИМдин Орусиядагы өкүлчүлүгү, Муфтияттын өкүлдөрү, диаспоралардан кирген. Алар жергиликтүү мыйзамдарды сактоого, коомдук жайларда өзүн эрежеге ылайык алып жүрүүгө үндөштү.

Эске салсак, 9-сентябрда кафеде болгон чырдан кийин кыргызстандык айдоочу унаасы менен мекендештерин сүзүп кеткен. Анда өспүрүм бала каза болуп, 9 бала жабыркаган.

Факты боюнча Кылмыш жаза кодексинин “адам өлтүрүү” беренеси боюнча иш козголуп, Бекжан Сарбишев эки айга камалган.

Comments are closed.

Марал Радиосу cможет принять любую посещаемость благодаря кешированию WP Super Cache