Шашылыш кабар:

Бүгүн айрым аймактарда электр жарыгы өчүрүлөт

Октябрь 2nd, 2018 | by Бахар Хакимова
Бүгүн айрым аймактарда электр жарыгы өчүрүлөт
Кыска кабар
0

Бүгүн, 2-октябрда Бишкектин айрым райондорунда электр жарыгы өчүрүлөт. Бул тууралуу «Түндүк электр» ишканасынын басма сөз кызматы билдирди. Алсак, Дордой жаңы конушунда саат 09:00дөн 18:00гө чейин;

-Ушул эле убакыт аралыгында Көк-Жар жаңы конушунда;

-9:30дан 19:00гө чейин 6-кичи райондо, Ибраимов көчөсүндөгү №42-үй, Москва көчөсүндөгү №62-64-үйлөр, Шопоков көчөсүндөгү №37-үйдө;

— 9:00дөн саат 15:00гө чейин Фрунзе көчөсүндөгү №282-үйүндө;

-9:00дөн саат 17:00гө чейин Достук кичи районундагы №2-11-үйлөрүндө;

-саат 9:30дан саат 18:00гө чейинЧоң-Арык айылында;

-9:30дан саат 17:00гө чейин Касым жаңы конушунда;

-саат 9:30дан саат 18:00гө чейин Маданият, Ала-Тоо жаңы конуштарында электр энергиясы өчүрүлөт.

 

Comments are closed.

Марал Радиосу cможет принять любую посещаемость благодаря кешированию WP Super Cache