Шашылыш кабар:

Акыйкатчы жарандардын арыз-муңун укту

Октябрь 2nd, 2018 | by Бахар Хакимова
Акыйкатчы жарандардын арыз-муңун укту
Кыска кабар
0

Акыйкатчы Токон Мамытов жарандарды кабыл алды. Бул тууралуу Акыйкатчы институтунун басма сөз кызматы билдирди. 1-октябрда Мамытовдун жеке кабыл алуусунда 10дон ашык адам болуп, ар бири өз укуктарын коргоп берүүнү суранышкан.

Анын ичинде Ош, Жалал-Абад, Ысык-Көл облустарынан жана Сокулук, Аламүдүн, Кемин райондорунан келген жарандардын көпчүлүгү соттук чечимдерге нааразычылыгын айтышкан. Ошондой эле, турак-жай, жер-талаш маселелери да көтөрүлдү.

Акыйкатчы мындан тышкары, «Биздин укук» коомдук фондунун жетекчиси Калича Умуралиева менен жолукту. Ал жер, турак-жай, экология маселелерин козгоп, мындан ары бул тармакта биргеликте иш алып барууну сүйлөшүштү.

Ар бир айтылган арыз-даттануулар боюнча тийиштүү бөлүмдөргө тапшырмалар берилгени кабарланды.

 

Comments are closed.

Марал Радиосу cможет принять любую посещаемость благодаря кешированию WP Super Cache