Шашылыш кабар:

«Балыкчы-Корумду» жолу боюнча кылмыш иши козголду

Октябрь 2nd, 2018 | by Бахар Хакимова
«Балыкчы-Корумду» жолу боюнча кылмыш иши козголду
Кыска кабар
0

Башкы прокуратура Транспорт жана жолдор министрлигинин Жол чарба департаментинин кызматкерлерине кылмыш ишин козгоду. Бул тууралуу Улуттук коопсуздук боюнча мамлекеттик комитеттин маалымат кызматы билдирди.

УКМКнын коррупцияга каршы күрөшүү кызматы менен биргеликтеги текшерүүнүн жыйынтыгында, “Балыкчы-Тамчы-Корумду” жолун реконструкциялоодо “Л.Х.” ЖЧКсы дренаждык курулуштарды курууда мыйзам бузууларга барган.

Жол чарба департаментинин жетекчилиги аталган компаниянын мыйзам бузгандыгын жашырып, аны менен сүйлөшүүгө барып, жөнөкөй сапаттагы асфальтты колдонууга уруксат берген. Бул аз эле убакытта кайра бузулушу мүмкүн болгон асфальт экендиги айтылды. Бирок арзан баадагы асфальт колдонулганы менен баалар төмөндөтүлгөн эмес.

Бул факты боюнча учурда Кылмыш жаза кодексинин “Кызматтык абалынан кыянат пайдалануу” (304), “алдамчылык” (166) беренелеринин негизинде иш козголду.

Comments are closed.

Марал Радиосу cможет принять любую посещаемость благодаря кешированию WP Super Cache