Шашылыш кабар:

Чырмалышкан Жакынкы Чыгыш: Иран Сирияга баллистикалык ракеталарын атты

Октябрь 2nd, 2018 | by Гүлшайыр Бакирова
Чырмалышкан Жакынкы Чыгыш: Иран Сирияга баллистикалык ракеталарын атты
Дүйнө кабарлары
0

Жакынкы Чыгыш дале болсо жер шаарынын талуу чекити бойдон калууда. Бул жолу Иран куралдуу күчтөрү Сирияга 6 даана баллистикалык ракетасын учуруп, террористтер байырлады деген аймакта жардырууларды жасады. Натыйжада ондогон террорист жок кылынганын Ирандын улуттук телеканалы кабарлады.

Ракеталардын учуусун да улуттук каналы түз алып көрсөтүп, анда кабарчынын тили менен Ирандын каршылаштарына агрессивдүү опузалар айтылды. «Мына, Ирандын добушун өзгөчө Америка, Израиль жана Саудия жакшылап угуп алышсын,»-деп жазган.

Бул сокку өткөн аптада Ирандын Ахваз шаарындагы аскердик параддагы теракттын өчүн алуу деп билдирилди. Ахваздагы аскердик парадда төрт террорист катышуучуларга жана көрүүчүлөргө карата ок чыгарып, натыйжада 24 адам каза болуп, 60тан ашуун жарадар болгон. Кылмышты «Ахваздагы араб демократиялык жаштар кыймылы» тобу өз мойнуна алган болчу. Кийин ИШИМ террордук тобу да теракт менен байланышы бар экенин жарыялаган.

Ал эми Иран бийлиги мунун артында АКШ менен Израиль турат деп, аларга катуу кекенип калган болчу. Каршы тараптар болсо бул айыптоолорду четке кагышкан.

Ошентсе дагы Иран аталган өлкөлөрдөн өчүн Сирияга сокку уруу менен алды. Ракеталык чабуул тууралуу Сирия тарап али билдирүү жасай элек.

 

Comments are closed.

Марал Радиосу cможет принять любую посещаемость благодаря кешированию WP Super Cache