Шашылыш кабар:

Быйыл Нобель сыйлыгы адабият тармагына берилбейт

Октябрь 2nd, 2018 | by Гүлшайыр Бакирова
Быйыл Нобель сыйлыгы адабият тармагына берилбейт
Дүйнө кабарлары
0

Бул жылы адабият тармагы Нобель сыйлыгын албайт. Бул тууралуу Швеция академиясынын маалыматына таянып, Рейтерс  агенттиги жазып  чыкты.

1-октябрда Нобель комитети медицина тармагынан Нобелдин лауреатын жарыялап жатып, адабият тармагына сыйлык берилбесин билдирген. Башкы себеп, адабият боюнча Нобель сыйлыгын берүүчү  Швеция академиясынын тегерегинде  дээрлик бир жылдан бери бүтпөй  келе жаткан ызы- чуу.

Академиянын мүчөсү  акын Катарина Фростенсондун күйөөсү белгилүү француз  режиссору жана сүрөтчү  Жан-Клод  Арно зордуктоо боюнча айыпталып, анын үстүнөн бир нече аял арыз жазган. Бирок сүрөтчү бир эпизод боюнча гана соттолуп, эки жылдык түрмө жазасын алды. Күнөөлүүнүн бир нече иштери аялы Фростенсон аркылуу Нобель  комитети тарабынан каржыланып келгендиктен, айыптоочулар  комитетке  катуу басым көрсөтүшкөну кабарланган.

Нобель сыйлыгы уюшулгандан берки эң чоң чуу деп эсептелген бул иш, Швед академиясынын президенти Сару Даниус жана Арнонун жубайы Фростенсондун кызматтан кетип, күнөөлүү сүрөтчүнүн 1-октябрда Стокгольм соту тарабынан эки жылга кесилиши менен аяктады. Нобель сыйлыгы келе жаткан аптада берилери күтүлүүдө.

Кошумчалай кетсек, белгилүү швед  химиги, инженер жана ойлоп табуучу Альфред Нобель атындагы сыйлык 1901-жылдан бери берилип келет. Сыйлыкты беш гана тармактын өкүлдөрү ала алат, физика, химия, медицина, адабият жана тынчтык орнотууга кошкон салымы үчүн. Биринчи жана экинчи дүйнөлүк согуш учурунда татыктуу талапкердин жоктугуна байланыштуу Нобель сыйлыгы адабият тармагына берилген эмес. 2018-жылы берилбегени үчун бул тармакка 2019-жылы эки сыйлык берилмекчи.

Comments are closed.

Марал Радиосу cможет принять любую посещаемость благодаря кешированию WP Super Cache