Шашылыш кабар:

Индонезия: уранды астында калган өмүрлөр

Октябрь 2nd, 2018 | by Гүлшайыр Бакирова
Индонезия: уранды астында калган өмүрлөр
Дүйнө кабарлары
0

Индонезиялык Путери Пративи  28-сентябрь күнү кечинде Палу шаарында жээни экөө үйүн көздөй баратышкан. Аңгыча бутунун астынан жердин титирегенин сезип, коркуп отура калышат. Коркуудан өздөрүнө келе элек жатып, шаарды каптап келаткан бийик толкундарды көрүп, качып жөнөгөн Путери жээни велосипедин алганы артка кайтканын көргөн.  Эки күндөн кийин анын жансыз денеси урандылардын алдынан табылган.

18 жаштагы секелек жолдогу  чоң мамыга карманып, аман калганын CNNге айтып берди.

Бул сыяктуу коркуудан али өздөрүнө келе элек Палунун тургундары миңдеп саналат. Кээ бирлери дагы деле жабык имаратка кирүүдөн коркуп, сыртта жүрүшөт.

Нуржати Катили бир тууган сиңдисинин 7 жашар баласы Мухаммед менен анын дайынсыз болуп жаткан апасы менен кичүү инисин күтүп жатышат.

“Жээним аябай кайгылуу. Эч нерсе дагы жебей жатат. Өзгөчө кичүү инисин эстеп, сагынып жатат”,-дейт Нуржати.

Ооруканага жеткирилип, ошол жерде көз жумгандар да көп. Кээ бири бул жерге тирүү жетпей да калышкан. Сөөктөрдүн кимдигин аныктоо кыйынга туруп, оорукананын короосунда күтүп калгандар көп болууда. Сөөктөрдү бир-бирден жерге берүүгө үлгүрбөй жаткан жергиликтүү бийлик топ-тобу менен көмүүнү чечти.

Акыркы маалыматтар боюнча 840 адамдын курман болгону такталды. Бул сан дагы өсөрү бышык. Анткени урандылар толук тазаланып бүтө элек.

Индонезиянын өзгөчө кырдаалдар башкармалыгынын берген маалыматы боюнча, жалпысынан жер титирөө менен цунамиден 2,4 миллион киши жабыркады. Кеминде 600 киши оор жаракат алса, 48 миңден ашууну үй-жайсыз калды.

Жабыркагандарды тамак-аш, кийим-кече жана жылуулук менен камсыздоо уланууда.  Атайын тамак-аш толтурулган вагондор жана газ балондору таратылууда. Кээ бир чоң маркеттер өкмөттүн сунушу менен элге бекер азыктарды берүү үчүн ишин кеңейтип, 24 саат бою ачык болуп жатат.

Апааттан талкаланган жолдор менен Палу аэропорту жабылып, өкмөттүн жардам жеткирүүсүнө чоң кыйынчылык жаратты. Аба майдан эми гана чектүү рейстерди кабыл ала баштады. Ал эми коңшулаш Донгалла районуна эки күн бою жолдордун жабылып калганына байланыштуу жардамдар жетпей турду.

Эл аралык “Кызыл крест” уюмунун жардам тобу жээктеги ачык жерлер менен араң жардам жеткирип жаткандагы видеолорун бөлүштү. Уюмдун Жакартадагы төрагасы Жан Гелфанд: «Кырсык болгон аймактарда абал өтө коркунучтуу. Палу катуу талкаланган болсо, жер титирөөнүн борбору болгон Донгалла эки эсе жаман абалда.»

Өлкөнүн президенти Жоко Видодо жаратылыш кырсыгы болгон аймакты кыдырып, эң алгач тирүү калгандарды куткаруу жана куткаруучуларга тамак-аш, таза суу жеткирүүнү буюрду. Ошону менен бирге эл аралык жардамдарды  тартууну өз моюнуна алды.

Азырынча Евробиримдик, Австралия, Түштүк Корея жана Түркия сыяктуу он чакты өлкөлөрдөн жардамдар келери күтүлүүдө.

Comments are closed.

Марал Радиосу cможет принять любую посещаемость благодаря кешированию WP Super Cache