Шашылыш кабар:

Кесиптик лицейлердин келечегин кантип кеңейтебиз?

Октябрь 2nd, 2018 | by Чолпон Бейшелең кызы
Кесиптик лицейлердин келечегин кантип кеңейтебиз?
Билим жана Маданият
0

Кыргызстанда жалпысынан 100 кесиптик лицей бар. Анын басымдуу бөлүгү кичи шаарларда жана райондун борборлорунда ачылган. Кыска мөөнөттүк  билим берүү жайларына жылына 17 миңден ашык абитуриент бюджеттик негизде кабыл алынат. Бир жыл ичинде 85 адистик боюнча билим берилет.

Бул окуу жайлардын ишмердүүлүгүнө  эл аралык эксперттер тараптан атайын изилдөө жасалды. Анын жыйынтыгында, лицейлердин алдынкы жылдарга иш пландарынын жоктугу, жергиликтүү бийлик органдары жана жумуш берүүчүлөр менен кызматташпаганы айтылды. Бул тууралуу кесиптик билим берүү тармагы боюнча көз карандысыз эксперт Владимир Гаськов белгиледи.

Кыргызстандагы лицей жана колледждер кандай бүтүрүүчүлөрдү чыгарып жатышканын билишпейт. Жылына кайсы адистик боюнча канча кадр даярдай тургандыгы белгисиз. Ошондуктан эмгек рыногунда жумуш табылбай турган билимди берип коюу коркунучу жогору. Андыктан биз Кыргызстанга төмөнкүдөй сунуш беребиз:Кесиптик билим берүү системасы, башкаруу органдары(өзгөчө жергиликтүү деңгээлде) менен тыгыз кызматташуусу керек.

Мындай учурда жумуш берүүчү жана кадрларды даярдаган окуу жай  жоготууга учурабай турганын  Эл аралык эмгек уюмунун Кыргызстан боюнча координатору Болот Ороков айтып жатат. Андыктан кесиптик окуу жайдын жоопкерчилигин бир гана билим берүү жана илим  министрлигине жүктөп коюу туура эмес экенин айтты.

Кесиптик-техникалык окуу жайлардын жүгүн  бир гана Билим берүү жана илим министрлиги алып кете албайт. Дүйнө жүзүндө, анын ичинде өнүккөн мамлекеттер дагы дал ушул үч бутактуу система менен иш алып барышат. Анткени иш берүүчүлөр рынокко кандай адистер керек экенин билишет. Андан сырткары иш берүүчүлөр балдарга базаны түзүп берет. Ошондуктан жалпы системаны алып караганда, бир гана окуу жайлар бул маселени көтөрө албайт. 

Азыркы күндө  кесиптик лицейлерди бүтүргөндөрдүн 70-80 пайызы жумуш менен камсыз болуп жатат. Эми бул көрсөткүчтү 100 пайызга жеткирүү үчүн атайын платформа түзүү зарылчылыгы турат. Бул демилге Чүй облусундагы кесиптик-техникалык окуу жайларына жүргүзүлгөн изилдөөнүн жыйынтыгында айтылды. Чүй облусу боюнча кесиптик лицейлерге изилдөө жүргүзгөн көз карандысыз эксперт Аида Аджиходжоева анализдин жыйынтыгы боюнча жергиликтүү бийлик менен да сүйлөшүү жүргөнүн айтты.

Кесиптик лицейлердин сапаты окуу жайды бүткөн кадрлардын жумушка орношуусу менен гана аныкталат. Бүгүнкү күнү көрсөткүч 70 пайызды көрсөтүүдө. Анализдин алкагында жергиликтүү калк жана башкаруу органдары менен сүйлөштүк. Жыйынтыгында эмгек рыногунун талабына жооп берүү үчүн атайын платформа түзүү керек. Ошондуктан бүгүн жергиликтүү бийлик өкүлдөрүнөн жардам сурайлы деп турабыз.

Ал эми кесиптик лицейлер жергиликтүү бийлик менен тыгыз иш алып барбаса да, жумуш берүүчүлөр менен келишимдер бар экенин айтышат. Бишкек шаарындагы №10 кесиптик лицейи 300 жеке компания жана кафе-ресторандар менен келишим түзгөн. Жылына суроо-талапка жараша адистерди окутуп жатканын окуу жайдын жетекчиси Саадат Жаманкулова белгиледи.

Азыркы учурда жумуш берүүчүлөр  ашпозчуларды бөлүп бергиле деп жатат. Мисалы, салат жасагандарды өзүнчө, ысык тамакты даярдаганды өзүнчө даярдап чыгуу талабы коюлуп жатат. Бирок бизде мындай стандарттар жок. Биздин стандарттар эски болуп калууда. Ошондуктан биз аны жаңылоо боюнча талап коюп жатабыз.

Эскерте кетсек, Кыргызстандын аймагындагы лицейлерге  абитуриенттер 85 адистик боюнча кабыл алынат.  

Comments are closed.

Марал Радиосу cможет принять любую посещаемость благодаря кешированию WP Super Cache