Шашылыш кабар:

Кыргызстанда пенсия өстү

Октябрь 2nd, 2018 | by Анара Бакытбекова
Кыргызстанда пенсия өстү
Коом
0

Кыргызстанда 1-октябрдан тарта пенсия көбөйөт. Бул тууралуу 1-октябрь күнү премьер-министр Мухаммедкалый Абылгазиев президент Сооронбай Жээнбеков менен пенсияларды жана медиктердин айрым категорияларына айлыктарды жогорулатуу маселеcин талкуулап жатып билдирди. Маалыматка ылайык, октябрдан тарта орточо пенсиянын өлчөмү 378 сомго көбөйүп, жалпы 5682 сомду түзөт. Ошол эле учурда пенсиянын камсыздандырылган бөлүгү орточо эсеп менен 10,4% жогорулайт.


 

Сузак районунун тургуну Турсунай Балтабаева 15 жылдай ашпозчу болуп иштеп, учурда 3 200 сом өлчөмүндө пенсия алат. Ал алган пенсиясы бир айлык керектөөгө жетпей турганын айтат.

-Мен эки балам жана бир неберем менен жашаймын. Айыл чарба менен тиричилик кылабыз. Алган пенсиям бир айлык тамак-ашка жетпейт, кайра дүкөндөргө карыз болуп калам. Эми пенсияма 350 сомдой акча кошулса, жакшы болот. Бирок көбүрөөк кошсо…

Социалдык фонд пенсия төлөмдөрүн кайра эсептеп чыгып, 1-октябрдан баштап өлкөдө пенсия көбөйдү. Жыйынтыгында, пенсиянын орточо өлчөмү 378 сомду түздү. Тийиштүү чечимге премьер-министр Мухаммедкалый Абылгазиев кол койду.

Мыйзамга ылайык, пенсияларды индексациялоо жыл сайын Социалдык фонддун бюджетинде каралган каражаттардын чегинде жүргүзүлөт. Октябрдан тарта кол коюлган токтом боюнча 4 393 сомго чейин пенсия алган пенсионерлерге минималдуу түрдө 350 сом кошулат.

Социалдык фонддун төрагасы Медер Ирсалиевдин берген маалыматында, пенсияга кошумча каралган каражат 744 млн сомду түздү. Бул 2018-жылдын аягына чейинки эле аралыкка каралды.

Ал каражаттын баары тең толугу менен пенсиялык фонддун эсебинен каржыланат. Каражат тартыш болуп калат деген коркунучтан алыспыз. Бирок 2019-жылдын бюджетине дагы кошумча 3 млрд сомго чукул акча керек болот.

Учурда өлкөдө жалпысынан 648 миң пенсионер бар. Мунун ичинде ден соолугунан улам жаш курагы жеткен же багар-көрөрүн жоготкон адамдар болуп үч топко бөлүнүп пенсия алышат.

Жогорку Кеңештин депутаты Кубанычбек Нурматов пенсиянын көлөмү аз экенин айтып, бирок мамлекеттин бюджетине жараша акырындан көтөрүлүп жатканын белгиледи.

-Пенсия алгандардын баарынын эле каражаты жетиштүү эмес. Кээ бирлери аз пенсия алганына өздөрү да күнөөлүү. Себеби соцфондго төлөбөй, убагында пенсияга жазылбай жүргөндөр көп. Ошону үчүн орто ченде пенсия алгандар көп болуп калууда.

Статистикалык маалыматтарга ылайык, Кыргызстанда айына керектелүүчү баштыктын көлөмү 4800-5000 сомдун тегерегинде болуп жатат. Өлкөдөгү пенсионерлердин 40-60% бир айлык керектөө баштыгынын көлөмүнөн аз пенсия алышат. Бул жашоого такыр жетпей турганын  финансист Каныш Шаршекеева белгиледи.

Анын айтымында, пенсияга каражат кошулганы менен күнүмдүк керектөөнүн баалары да жогорулоодо.

— Бир айга 5 000 сом жетпейт. Кыргыздын тарбиясында жакшы нерсе бар. Ата-энени балдары калтырбай карайт. Ал эми жалгыз бой энелер беш миң сом менен жашаганы кыйын болот. Ошентсе да өкмөт, президент улгайгандарга жардам берүүгө аракеттенүүдө.

Пенсионерлердин саны жылдан жылга өсүүдө. Былтыркы жылга салыштырмалуу быйыл алардын саны 16 миңден 18 миңге чейин жетти. Бирок тиешелүү министрлик ага карабастан пенсиянын көлөмүн жогорулатуу иштери жүргүзүлүп жатканын белгилейт.

Ал арада эмгек жана социалдык өнүктүрүү министринин орун басары Лунара Мамытова пенсия алган адамдар, акчасын үнөмдөп чогултуп жер кыдырса болоорун айтып чыкты. Мындай оюн Мамытова өзүнүн социалдык тармактагы баракчасына жазды.

«Дүйнө кыдырсаң, ички дүйнөң кеңейет, акылына акыл кошулат. Кээ бир иштеп жаткан пенсионерлер пенсиясынан чогултуп, туристтик компаниянын бирине барып, кыялыңдагы бир мамлекетке барсын. Мен ошондой пенсионерлерди билем, жыл сайын саякатташат. Жашоо маңызы генетикалык кедейчиликтен арылуу. Эртеңки күн бүгүнтөн башталат»,-дейт Мамытова.

Айта кетсек,  Кыргызстанда эркектер 63 жаштан, аялдар 58 жаштан пенсияга чыгышат. Ошол эле убакта пенсияны толук алуу үчүн 20-25 жыл эмгек тажрыйбасы керек болот. Өлкөдө пенсияга чыгуунун жаш курагын көтөрүү боюнча талап коюлган эмес.

Comments are closed.

Марал Радиосу cможет принять любую посещаемость благодаря кешированию WP Super Cache